AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ЖРТден балл жетишсиз болсо кайсы окуу жайга тапшырса болот?

ЖРТден балл жетишсиз болсо кайсы окуу жайга тапшырса болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

ЖРТден балл жетишсиз болуп калса кайда тапшырса болот? Учурда кайсы кесиптер актуалдуу? Чет өлкөгдөгү окуу жайларга кантип тапшырса болот? – бул суроолорго «Ала-Тоо Эл аралык университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн» директору, Джайнакова Гульнур жооп берди.

Колледжге тапшыруунун кандай артыкчылыктары бар?

Колледжге тапшыруунун негизги артыкчылыктарынын бири, окуучу убакыттан утат. Мисалы «Ала-Тоо Эл аралык университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүн» бүтүргөн студенттер 2-3 жылда англис тилин мыкты өздөштүрүшөт жана бир кесиптин ээси болуп калат. Кааласа окуусун улантып жогорку окуу жайга тапшырат, болбосо кесиби менен иштеп баштаса болот.

Колледжге канчанчы класстан баштап кабыл алынат?

Биздин колледж 9 жана 11-класстын негизинде кабыл алат. 9-классты базасында тапшыргандар 2 жыл 10 ай окушат. Ал эми 11-класстын базасында кабыл алынгандар 1 жыл 10 ай окушат.

Колледжге тапшыруу үчүн ЖРТ тапшыруу керекпи?

Жок. Биз өзүбүздүн ички сынактын негизинде кабыл алабыз. Экзамендер математика, англис тили, кыргыз мектебин бүтүргөндөр үчүн кыргыз тили, орус тилдүү мектепти бүтүргөндөр үчүн орус тили боюнча болот.

Ала-Тоо университетине караштуу колледжде кайсы кесиптерге окутат?

Учурда жети кесипке окутабыз. Алар:

  • Банк иши;
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп (бухгалтер);
  • Компьютердик системалар жана комплекстер (техник);
  • Маркетинг (маркетолог);
  • Дизайн (компьютердик-графикалык);
  • Эсептөөчу техниканы жана технологиялык системаларды программалык камсыздоо (техник программалоочу);
  • Укуктаануу (юрист).

Англис тилине артыкчылык берилеби?

Ооба, себеби бизде сабактардын бардыгы англис тилинде өтөт. Колледжди бүтүргөн студенттер бул тилде эркин сүйлөп, жазып калышат. Каалоочуларды TOEFL тестине даярдайбыз.

Англис тилин билбегендер да колледжге тапшырса болобу?

Албетте, биз кабыл алынган студенттерди, тил билүү деңгээлине жараша: башталгыч, орто жана жогору деп, үч группаларга бөлүп алабыз. Ошого жараша окутуу жүрөт. Башталгыч группалар жалпы сабактардан тышкары жумасына кошумча 12 саат англис тилин окушат.

Ала-Тоо колледжин бүтүргөн студенттер Ала-Тоо университетине тапшыра турган болсо жеңилдиктер берилеби?

Ооба, эгер өзу тандаган багыт боюнча окутууну улантам десе, анда дароо англис тили экинчи курска отурат. Бул жактан да убакыттан уткан болот. Ал эми башка багытты тандаса, ички экзамен тапшырып, ЖРТсиз кабыл алынат.

Чет өлкөгө кетем десечи?

Бизде 21 өлко менен университет аралык келишимдерибиз бар. Эгер окуусунун көрсөткүчтөрү жакшы болсо, эл аралык бөлүмдүн агай-эжейлеринен консультация алып, даярдык көрөт. Документтерин чогултушуп, транскриптерин жөнөтөбүз. Колубуздан келген бардык жардамыбызды беребиз.

Колледждин окуу акысы канча?

Окуунун бир жылдык контрагы 1500$. Тапшыруучуларга ар кандай жеңилдиктер каралган. Мисалы өткөн жыл, аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталгандыктан, бардык студенттерге 20% женилдик берилип, контрактын акысы 1200$ болгон.  

Контракты бөлүп төлөсө болобу?

Ооба, болот. Окууга кабыл алынгандан кийин дароо 30% төлөө керек. Калган 20%ын кышкы сессияга чейин, дагы 50%ын жайкы сессияга чейин төксо болот.

Дагы кошумчалай кетким келип жатат. Быйыл, тапшыруу экзамендери онлайн түрүндө өткөрүлөт. 29-апрелде математика сабагынан, 30-апрелде англис тили сабагынан. Онлайн экзаменге катышуу үчүн college.alatoo.edu.kg сайтына кирип катталуу керек.

Онлайн — сынак 2020-жылдын 29-30-апрелинде саат 10:00дөн-18:00гө чейин (сынакты тапшыруу үчүн 60 мүнөт убакыт берилет) өткөрүлөт.

Абитуриентте жеткиликтүү интернет кызматы, камерасы менен ноутбук/уюлдук телефон жана өзүнө ишенимдүүлүк гана болуусу керек.

Абитуриент тапшырып бүткөн сынактардын жыйынтыгы абитуриенттин жеке номерине 3-5 күндүн аралыгында жөнөтүлөт.

Онлайн экзамен учурунда жеткиликтүү балл топтой албай калсаңыз, 2020-жылдын июль айында кайрадан тапшырууга кошумча мүмкүнчүлүктөр берилет.

Бардыгыңарга ийгилик каалайм!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“Башка түшкөн бир балээ болдуң го!” Балаңарга ушинтип айтасыңарбы? Анда окугула

“Башка түшкөн бир балээ болдуң го!” Балаңарга ушинтип айтасыңарбы? Анда окугула

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.