
Саламатсызбы Bilesinbi.kg! Эки балам бар, жолдошум иштебейт, батирде турабыз. Жөлөк пул алсак болобу? Күйөөм социалдык башкармалыкка барса, «жумуш таап беребиз, айына 5000 сом аласың, андан көрө иште», — деп айтышыптыр.
Эмнеге бизге жөлөк пул чектелбейт? Бизден байлар деле алып жатышпайбы! Үлүш жерибиз, үйүбүз, малыбыз жок. Кимге кайрылсак болот?







