AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жолдошум жумуштан келээри менен кайын энем эси ооп кулап түштү

Жолдошум жумуштан келээри менен кайын энем эси ооп кулап түштү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жолдошум эмгекчил адам. Базарга башкалардан биринчи барып алат. Эки жагын жыйнаштырып, суу сээп олтуруп калат. 

Кроссворд толтурганды жакшы көрөт. Акырын ырдап, ручкасы менен улам башын тырмап коюп олтурат. 

Түшкү тамагын даярдап, кичүү уулумду жетелеп базарга барам. Уулун эркелетип, менин чекемен өөп узатып жиберет. 

Үйдөн кайын энем экөөбүздүн жумуштарыбыз бүтпөйт. Апама дагы гүл баккан аябай жагат. Кобурашып ишибизди кылып жүрө беребиз. 

Улуу балам тентек. Бир күндө кийимин жок дегенде үч жолу алмаштырам. Кызым болсо созолонуп, кайра-кайра чачын тарап, көйнөктүн түрүн кийгиси келип калды. Эркебиздин эч нерсе менен иши жок. Курсагы тоюп, атасы жумуштан келсе болду. Улам дарбазаны карап атасын күтөт. Чыр салып ыйлабайт дагы. Курсагы ачса чоң апасына барып “ням-ням” деп калат. 

Апамдын сунушу менен казанга дымдама жасамай болдум. Мен картошка аарчып, эт туурагыча кайын энем от жакты. Ары-бери басып мага жардам берип жүрдү. 

Кайын энем менен тил табышкан мен эле болсом керек деп калам. Башкалардын айтымы боюнча “желмогуз кемпир”. Мен бул үйгө келгени заарын чачып, жаман сөз сүйлөгөн жок. 

Ошентип тамакты астык, апам эс ала турайын деп бөлмөсүнө кирип кеткен. 

Жолдошум келип балдарын эркелетип жаткан. Бир маалда апам бөлмөсүнөн чыгып келе жатып кулап түштү. 

— Апа-аа! Апааа! Эмне болуп кетти? 

— Жаңыле жакшынынакай басып жүргөн.

— Энее-е, апаа-аа! 

— Суу менен чүпөрөк алып келчи. 

Жаткырып, чекесине суу чүпөрөк койдук. Колдорун, буттарын ушалап, апалап коебуз. Унчукпайт. 

— Сенин алдыңда эле басып жүргөн. Маанайы деле жакшы болчу. 

— Мен доктур алып келейин. Сен карап тур. 

Жолдошум чыгып кетти. Апамдын чекесиндеги чүпөрөктү алдым да акырын. 

— Апа бул эмне кылганыңыз? Балаңыздын жүрөгү түшүп калды го. 

— Ай ботом, анан мага деле көңүл буруп койсо болот да. Эртең менен кетет, кечинде келет. Кичине кобурашып, өткөн-кенткендерди сүйлөп турса жакшы болмок. 

— Кокус туура эмес кулап бир жериңиз сынып кетсе эмне болот? 

— Ал деле оюма келбептир. 

— Чекеңизге муздак суу басып алып өзүм коркуп кеттим. Ооруп калып балээге калбайлы деп. 

— Ой, аны силер бөлмөдөн чыгаарыңар менен алып коеюн деп жаткам. 

Жолдошум шашып доктурду алып келиптир. Текшерип бары жакшы экенин айтып кетти. 

Кечинде жолдошума болгонун айтып бердим. Күлүп алдык. Чындап эле апама көңүл бурбай калыпмын, бул кылыгымды оңдоюн деди. 

Бактылуу күндөрүбүз көпкө узабай жолдошум, бир жыл айланбай кайын энемен айрылдым. Балдарымды бекем кучактап тагдырга баш ийип жашадым. 

Кайын энемдин кылыктарын эстесем жүзүмө жылмаю келет. Бактылуу күндөрүм эске түшөт. 

Апам чоң кайын энем менен болгон окуяларын айтып берип боорубузду эзет. Силер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыргызстанды канчалык деңгээлде жакшы билесиз? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Кыргызстанды канчалык деңгээлде жакшы билесиз? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.