Мен жогорку билимдүүмүн, жакшы жумушта иштедим, ошол мезгилде турмушка чыктым. Жолдошум момун, жакшы киши, мага жаман сөз айтчу эмес.
Биз баш кошкондо эч нерсебиз жок болчу, өзүм аракет кылып жүрүп бардыгына жетиштим. Жолдошум кейибесин деп жокту билгизген жокмун. Атамдын бир туугандары колунда бар адамдар, ашыкча чыгым болбойлу деп жалаң эжемдердин эскисин кийип, жолдошумду аны алып бер, муну алып бер деп кыйнабадым.
Ошентип тогуз жыл өттү. Эки кыздуу болдук. Улуу кызыбыз катуу ооруганынан ага сарысанаа боло берип, өзүмдө богок оорусу пайда болду. Мен ооруп калгандан тартып, жолдошум мага мамилесин кескин өзгөрттү.
Какшыктап, кагып-силкип турат. Мени аябайт, оор жумуш жасап жатсам, жардам бербейт, басып кетет. Кайын журттун көзүнчө кыялы эки эсе кармайт.
Ар бир жасаган мамилесинен жүрөгүм ооручу болду. Мен жолдошум үчүн тааныштарыман, досторуман баш тарттым, ал үчүн кайын журттун, кайын эненин кылыктарын көтөрдүм, ал үчүн жокчулук күндөргө да чыдадым. Эч качан, эч кандай чыр чыгарып, ызы-чуу салган эмесмин.
Мындан ары кандай кадам жасашты билбей калдым. Мага кеңеш бергилечи?







