Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүздүн эки кызыбыз бар. Учурда эки ажырым жолдо турабыз. Себеби, ал бат таарынат, анан көк бет. Мен сүйлөбөсөм, бир ай деле сүйлөбөй жүрө берет.
Өзү жакшы адам. Мээнеткеч, жоош. Тапканынын бардыгын бир туугандарына берет. Мен “качанкыга чейин тапкан-ташыгандыңды бере-бересиң, биз деле тиричилик кылалы” — деп, жаман көрүндүм. Биз үч абысынбыз. Баарыбыз россияда бир квартирада турабыз. Ошого өзүнчө туралы, деп айткам.
Оокатын чогултуп кетип калды. Буга чейин эч кимге айтчу эмес элем, эжеме чалып, ал-жайды түшүндүрдүм. Эжем күйөөмө телефон чалса, айтыптыр, “сиңдиңиз жакшы, анын эч кынтык таба албайм, балдарды жакшы карайт, оокатка тың. Бир гана туугандарыңа бербе, өзүбүзчө жашайбыз дей берет” дептир.
“Ажырашам” — деп туруп алды. Үч жолу айттым кыздарыбыз үчүн аракет кылалы десем, такыр болбой койду. Анда-санда телефон чалып, кыздар менен сүйлөшөт, анда да бат эле телефонду өчүрүп салат. Дагы деле бирге жашайбыз, деген үмүт менен жүрөм.
Менин катачылыгым, эмоцияларымды башкара албай, ачуум менен көңүл оорутаарлык сөздөрдү сүйлөп салам. Эмне кылышым керек?







