
Эки ай мурун турмушка чыккам. Бул менин экинчи турмушум. Башында баары ойдогудай болчу. Бирок, жолдошум акыркы күндөрү өзгөрдү. «Мурунку аялым түшүмө кирип тынчтык бербей жатат»,- дейт. Мага көңүл бурбайт, жадагалса мени менен бирге жаткысы келбейт. Сойкуларга бараарын дагы билип калдым. Мен аны сүйөм. Кантип оң жолго салсам болот? Кеңеш бериңиздерчи.






