
Кудайга шүгүр, апам, туугандарым, күйөөм бар. Бирок ар дайым мага эч ким көңүл бурбай койгондой болуп, өзүмдү жалгыз сезе берем. Жолдошум менен да ушунун айынан көп урушабыз. “Сен мага көңүл бөлбөй жатасың”, — деп айтам. Таарыныша кетсек эле, кайын сиңди, абысын, жеңемдер менен такыр сүйлөшпөй коем. Өзүмө чөгүп кетем.
Бирок, мени менен сүйлөшүп жылуу мамиле кылышын аябай күтөм. Эмнеге мындай билбейм. Ушул адатымды кантип калтырсам болот? Же атам жок болгондуктан ушундай болуп калганмынбы?






