Жолдошум менен баш кошконума 2 жыл болуп калды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин менин көзүмө чөп салып келет. Буга чейин кыздарга жоолугаарын билген эмесмин, телефондон эле сүйлөшүп жүрчү. Канча айттым такыр эле токтолбой койду. Бир ай мурун башкага жоолукканын дагы билип калдым. Мага аябай катуу тийди. Ошондон бери төркүнүмдүкүндөмүн.
Кайтып барсам кайра эле кайталанабы же токтолобу? Кайра-кайра кечире берип өзүмдү эч ким сезбей калдым. Эмне кылсам болот?







