
Саламатсызбы. Психологдон кеңеш алайын дедим эле. Турмуш курганыма 3 жыл болду. Аз эле сүйлөшүп үйлөнүп алганбыз. Биздин башкы көйгөйүбүз, жолдошумдун көзүмө чөп салганы. Жумушунан келет, телефонун кечке чукулайт, уктайт. Баласы менен деле иши жок. Жада калса колуна алып эркелетпейт.
Ватсабын окусам 2 кыз менен сүйлөшөт экен. Алар акча сураса, “макул, сен үчүн жаным, баарын бергенге даярмын” деп жооп берет. Бири жаш кыз, экинчиси үй-бүлөлүү келин экен.
Чыр чыгарып, кайын энеме айттым. Ал баласын ушуну менен токтот, деп катуу урушту. Ооба, деп бир ай жакшы жүрдү, кийин кайра эле мурунку адатын баштады. Дагы башка аял таап алыптыр. Ага күндо белек-бечкек ташыйт.
Мунусу калабы, же күчөйбү? Эмне кылышты билбей калдым.






