Жолдошум менен турмуш курганыбызга беш жылдан ашты. Күйөөм менден 11 жаш улуу, жашы 42де. Үйлөнгөндөн кийин жолдошум эжемен карыз акча алды эле. Бир жуманын ичинде берем дегенинен ишенип, тил кат, эч нерсе жаздырган эмесмин.
Бирок ошондон бери алган акчасын кайтарып бере элек. Акча тууралуу сүйлөшсөк эле жаңжалга айланат. “Ошо туугандарыңдын акчасын акчам болгондо берем”, — деп кутулат. “Акча үчүн жашап жүрөсүң”, — деген сөздөрү да тажатты.
Өзүм иштеп кутулайын десем, балдарым майда. Ортобузда үч балабыз бар. Каралаша турган кайын эне, кайын ата жок. Балдарымдын атасы, деп көп урушкум келбейт. Эмне кылышты билбей калдым.







