Саламатсызбы. Инстаграмда отуруп, силердин баракчаңарды таап алдым. Абдан сонун кеңештер бар экен. Ишиңерге ийгилик!
Менин көйгөйүм жолдошумда. Баш кошконубузга эки жыл болду. Ортобузда бир жаштагы балабыз бар. Жолдошум кичине кезинен ата-энесинен ажырап, тай жагында чоңоюптур. Балачагында мээрим көрбөгөнгөбү, мага да, уулубузга да мээримсиз, жүрөгү муздак. Балабызды катуу кармайт, эркелете албай, ыйлата берет.
Балама боорум ооруйт, кенедейинде эле психикасы бузулуп калабы, деп чоочуркайм. Өзүнөн деле сурагам, сенин балаң го эмнеге эркелете албайсың, эмнеге мындай мамиле кыласың, бирөөнүн баласындай, десем, “и кантип эркелетет, кана көрсөтчү” дейт.
Ошондон бери анын мамилеси жүрөгүмдү өйкөп келет. Аталык сезимин кантип ойготом?







