Менин жолдошум акушер-гинеколог. Биз сүйлөшүп-сүйүшүп, бардыгын түшүнүп туруп эле баш кошконбуз. Ортобузда уулубуз бар. Мен башында жолдошумду кызганчу эмесмин, жумуш экенин билем. Бирок акыркы эки жумадан бери бир пациенти ватсабына “сизди сүйөм, бойдок болсоңуз сизге тиймекмин, үйүңүзгө барып алмакмын” — деп жазып жатат.
Жолдошума айтсам, карап көр телефонумду мен ага жазган эмесмин деди. Чыныда эле ашыкча жазбаптыр, кеңеш сурагандарына эле жооп бериптир. Ошондон баштап менде тынчтык жок, телефонун күндө текшерем.
Бир күнү аркам ооруп жатат, деп жазып, сүрөткө да тартып жибериптир. Блокко салдым, анда да түндө башка номерден чалып, жүрөгүм ооруп жатат, өлгөнү калдым, деп чалды.
Тополоң чыгардым, “сен кардиолог эмессиң, эмнеге чалат сага” деп. Эки күндөн кийин ватсапка видео менен чалыптыр, жыныстык жагым ооруп жатат, деп.
Күйөөм “кудай алдында түзмүн” деп кутулду. Эмне кылам? Ушинтип жатса кантип кызганбай коем? Ажырашкым келбейт, күйөөмдү сүйөм. Сураныч, мага кеңеш бергилечи?







