Жолдошум менен турмуш курганыма 11 жыл болду. Ал акчасын менден аяйт, балдарыбызды, мени эч жака алып барбайт. Акчасы жок дейин десең, акчаны жакшы табат. Ага акча, жумуш, достору гана керек. Өзүм жөнүндө айтсам бар жогум төп келишкен. Мага бир да талап кое албайт.
Жакында жашоосунда башка кыз пайда болгонун билдим. Ошондон кийин жашагым келбейт. Көңүлүм катуу калды. Мени бир буюмдай эле көрөт окшойт.
Ал азыр Бишкекте. Мен келгиче жаман нерселерди унутуп, мага жакыш сүйлө деп жатат. Ажырашкым келет. Бул үйдө келечегимди чектеп олтурам. Эмне кылсам болот?







