AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жолдошбек Жунушев: “Кыргызстан” партиясы ишкерлерди колдоого басым жасайт”

Жолдошбек Жунушев: “Кыргызстан” партиясы ишкерлерди колдоого басым жасайт”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жолдошбек Жунушев, «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Ал көптөгөн жылдар бою ишкердик менен алектенген. 2018-жылдан тартып мамлекеттик кызматтарды жетектеген.

— Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

— Партиянын мүчөлөрү негизинен тажрыйбалуу,  жумуш орундарын түзүп, өлкө аймагында көптөгөн ишканаларды курган адамдар. Алар бизнес кандай олуттуу көйгөйлөрдү баштан кечирип жаткандыгын  жакшы билишет.

Айрым шайлоочулар көп айтат,  “талапкерлер парламентке өз бизнесин коргоо үчүн барат” – деп. Эгер өлкөбүздө бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттар болсо, алар кандай жол менен жөнгө салынмак эле? Өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү бизнеске байланыштуу болгондуктан, бизнес дагы юридикалык колдоого муктаж. Ошондуктан ишкерлердин үнү Жогорку Кеңеште угулушу керек. Эгерде өнөктөштөрүңүз жана сиз менен иштеген, өнүмүңүздү сатып алган адамдар кыйынчылыкта жүрүшсө, анда компанияңызды гана коргоонун кандай мааниси бар?

— Депутат болуп калсаңыз, кандай маселелердин үстүнөн иштөөнү көздөп жатасыз?

— Мен экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн максаттуу түрдө Жогорку Кеңешке аттандым. Экология тармагында жасай турган иш абдан көп.

— Өзүңүздүн пландарыңызды ишке ашырам деп ойлойсузбу? Ошондой эле депутаттын ишин жалпысынан кандай элестетесиз?

— Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөңдө мен Жогорку Кеңештин отурумдарына көп катыштым. Шайлоочулар тарабынан парламент депутаттарынын өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлерге карабастан, көпчүлүк депутаттар компетенттүү, мыйзамдарды жакшы билген, кесипкөй адамдар экенин билем. Эл өкүлүнүн иши оор. Бирок биз өлкө үчүн, Кыргызстан үчүн иштөөгө даярбыз. Биз балдарыбыз үчүн гүлдөгөн республиканы кургубуз келет.

— Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз.

— Мен өзүм мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулгам. Атам жана апам -экөө тең мугалимдер. Айылда чоңойгом, кийин жашоо турмушка байланыштуу шаарда жашап, иштей баштадым.  Билимим боюнча экономистмин. Эмгек жолумду 1995-жылы Бишкек шаарында Салык инспекциясынын инспектору болуп иштөөдөн баштагам. Көп жылдар бою курулуш тармагында ишкердик менен алектенгем.  Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгом. Жогоруда айтылгандай, Мамэкотехинспекцияны жетектегем.

Ошол жерде иштеп жатып мен ишканалардын, ошол эле заводдордун, фабрикалардын кандай иштээрин, алардын көйгөйлөрүн көрдүм. Менин оюмча, аларды иш жүзүндө чечүүгө убакыт келди.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Аткаруучу: «ПроМедиа Плюс» КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 30-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар

Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар, кайсы жерден алса болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.