Учурда Бишкек шаарынын троллейбус жана автобустарын электрондук билеттештирүү системасына өткөрүү үчүн активдуу даярдыктар көрүлүп жатат. Тестирлөө мөөнөтү аяктаган соң, 2020-жылдын жаз айынан тарта жол кире жалгыз гана ушул карталар аркылуу төлөнөт.
«Тулпар» картасынын баасы — 50 сом.
Карталарды Beeline’дын төмөндөгү сатуу жана тейлөө кеңселеринен алсаңыз болот:
- «ЦУМ»
- «ГУМ»
- «Beta Stores 2»
- «ORDA» («Дордой Plaza» жанында)
- «Vefa»
- «Азия Молл»
- «Бишкек Парк»
- «Дордой» базары.
Жол кирени «Тулпар» картасы аркылуу кантип төлөө керек?
- Картанын эсебин Balance.kg тиркемеси же Beeline кеңселеринде жайгашкан терминалдар аркылуу толуктаңыз.
- Жол кирени төлөө үчүн картаны айдоочунун жанында орнотулган валидаторго такаңыз.
«Тулпар» картасын Balance.kg тиркемеси аркылуу толуктоо үчүн:
- «Тулпар» картасынын арткы бетинде басылган QR-кодду Balance.kg аркылуу сканерлеңиз.
- Толуктоо суммасын киргизиңиз.
- Төлөңүз.







