Саламатсызбы. Жашым 20да. 16 жашымда бир бала менен таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Кийин урушпасак деле байланышыбыз үзүлүп, өзүнөн –өзү чалышпай калдык. Арадан 4 жыл өтүп, кайрадан соцтармактардан бири-бирибизди таап алдык. Буга чейин эч ким менен сүйлөшпөй мени издеп жүрчү экен. Ортобузда кайра жактыруу сезими пайда болуп, ал быйыл үйлөнөлү деп сунуш айтып жатат. Мен сени окуусун бүтсүн деп 4 жыл күттүм, дейт. Менде бир коркунуч сезими пайда болууда. Үй-бүлө куруу оңой эмес да. Анын үстүнө ал жалгыз бала. Баш кошкондон кийин жашообуз кандай болот? Кеңеш бериңизчи?
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







