AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ЖКККББнын сайтында унаа ээлери үчүн бардык маалыматтар барбы? Анализ

ЖКККББнын сайтында унаа ээлери үчүн бардык маалыматтар барбы? Анализ

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Айдоочулар кандай укуктарга ээ экендигин, жол эрежесин бузгандыгы үчүн канча айып пул төлөрүн билүүнү кааласа, жөн гана рулга отургусу келгендер кайсы окууга барып, кантип лицензиялык сынакты тапшырса болорун түшүнгүлөрү келет. Kaktus.media бул маалыматтардын guobdd.kg  сайтында бар же жок экендигин текшерип көрдү.

ЖКККББдан (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы) жарандарга эмне керек?

  • Айып пулдар жана аны менен байланышкан көйгөйлөр боюнча FAQ. Мисалы, унаа ишеним кат менен сатылган, ал эми ээси айып пул төлөбөйт дегендей.
  • Туура эмес жерде токтоп турган унааларды алып салуу үчүн адистерди кантип чакыруу керек?
  • ЖКККББга тиешелүү мыйзамдар, ыйгарым укуктар.
  • Инспектордун ыйгарым укутары. Кызматкерлер кайда жана качан турууга укуктуу, колу менен же таяк менен гана токтото алабы, салык төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны суроого укугу барбы.
  • Лицензия тапшыргандар үчүн жол эрежелери жана тесттер.
  • Лицензияны кантип алуу керек, автомектептердин байланыштары, лицензия алуу тартиби жана баасы.
  • Айдоочулардын кандай категорияларына кандай унаа айдоого уруксат берилет. Мисалы, В категориясындагы айдоочулар чакан жүк ташуучу унааларды айдай алабы, ж.б.
  • Бош орундар, бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс.
  • Жумушка орношуунун тартиби.
  • Тез жооп берүү үчүн «Суроо-жооп» рубрикасы
  • Кызматкердин үстүнөн кайда арызданса болот?
  • Жол эрежесин бузуу жана айып пул боюнча статистика. Пресс-релиздерде гана эмес, аналитика боюнча толук статистика.

Сайтта эмне бар?

Айрым маанилүү бөлүмдөр көрүнүктүү жерде турат: ишеним телефону, байланыштар, айып пулдар. Ал эми «Социалдык медиа китепканасы» бөлүмүндө видео көрсөтмөлөрдөгү эрежелердин бар экендиги колдонуучуларга байкала бербейт. 

Жаңылыктар менюда негизги орунду ээлейт. Мамлекеттик органдардын бардык сайттарында ушундай. ЖКККББда менюдагы жаңылыктар рубрикага дагы бөлүнгөн.

Негизги менюда унаа ээлерин кызыктырышы мүмкүн болгон маалыматтар — айып пулдардын тизмеси, «Коопсуз шаар» камераларынын картасы, унаа токтотуучу жайлардын даректери жана мыйзам бузуулардын түрлөрүнүн тизмеси бар. 

Бирок айып пулдарды текшерүү кызматынын шилтемеси, ошондой эле «Төлөм ыкмалары» бөлүмү иштебейт.

Бош орундар бөлүмү иштебейт. Айдоочулук күбөлүктөрдөн ажыратылгандардын тизмеси жаңыланган эмес. ЖКККББ аз кызмат көрсөтөт, бөлүмдө кыскача маалымдамалар ле бар. Түздөн-түз сол тилкеде көрсөтүлгөн байланыштарга же башка бөлүмгө чалуу керекпи же жокпу белгисиз.

Суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө токтолсок, негизги менюдагы тиешелүү бөлүм толукталган эмес. Кырсык учурунда иш-аракеттердин эрежелери бөлүмүндөгү маалыматтар дагы толук эмес.

Чат бот дагы туура иштебейт. Ал эми ЖКККББ бөлүмдөрү жөнүндө маалымат жүктөлбөйт.

Ведомствонун өзүнчө бөлүмүндө жетекчиликтин ысымдарын басуу мүмкүн эмес, андыктан алардын өмүр баянын окуй албайсың, бирок тизменин өзү бар. Бош орундар бөлүмү толтурулган эмес.

Сайтта эмне жетишпейт?

Албетте, буга чейин бар болгон бөлүмдөр толтурулушу керек. Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн автоунааларга салынган айып пулду текшерүү үчүн ыңгайлуу система керек. «Коопсуз шаар» бөлүмүндө «Айыптарды текшерүү» бөлүмчөсү бар, бирок ал иштебейт. Ошондой эле сайтта колдонуучу унаанын тарыхын, ээлеринин санын текшерип, унаа күрөөгө коюлгандыгын билип турган форманы жайгаштыруу керек. Жарандар үчүн жаңыланган «Суроо-жооп» бөлүмү маанилүү, ошондой эле суроо берүү жана тез жооп алуу мүмкүнчүлүгү керек.

Колдонуучу айып пулду кайда жана кантип төлөөнү, кандай айып пул бар экендигин түшүнүшү керек.

Эгерде жол кыймылынын эрежелеринде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, анда бир нече күндөн кийин табуу кыйын боло турган жаңылыктарды гана брип тим болбостон, бул өзгөртүүлөрдү өзүнчө бөлүмдө жарыялоо керек. Анда бир ай, бир жыл жана башка мезгилдерде кандай жаңылыктар болгонун так көрүү мүмкүнчүлүгү болот, ошондо окурман жол кыймылынын эрежелериндеги бардык өзгөрүүлөр менен дароо таанышып кетиши мүмкүн.

Ошондой эле, өзгөчө кырсык болгон учурда эмне кылуу керек деген бөлүмгө муктаждык бар.

Унаа ээлери ардайым жанында компьютер алып жүрбөгөнүн эске алсак, айып пулдар жана жол эрежелери бөлүмдөрү мобилдик нускага ылайыкташтырылышы керек.

ЖКККББнын инспектору эмнеге ээ же эмне укугу жок деген суроолор көп болгондугуна байланыштуу, балким, алардын ыйгарым укуктарын суроо-жооп форматында айтып берүү керек. Ал укутарын басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен жасап койсо, унаа ээси аны чыгарып, жанына салып алат. Мисалы, инспектор кызматын кыянаттык менен пайдалана баштаганда аны көрсөтөт. 

Лицензия алууну каалагандар үчүн автомектептердин байланыштары көрсөтүлө турган, тест тапшырмаларынын мисалдары же онлайн режиминде тапшырыла турган, анда лицензия алуу үчүн документтердин тизмеси бар бөлүмдү түзсө болчудай. 

Жалпыга маалымдоо каражаттары, активисттер, бейөкмөт уюмдар үчүн аймактар ​​жана айлар боюнча статистиканы камтыган бөлүк керек — берилген жана төлөнгөн айып пулдардын саны, кырсыктардын саны ж.б.

ЖКККББнын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA — Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна «ПроМедиа Плюс» компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтын анализдейбиз

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтын анализдейбиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.