AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жигиттердин көзүн күйдүргөн айым болгуңуз келсе...

Жигиттердин көзүн күйдүргөн айым болгуңуз келсе…

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Эркектер кандай айымдарды жактыраарын так билбейсиң. Мындай карасаң сулуу деле кыз эмес, бирок аркасынын чуркаган жигиттердин саны арбын.

Мезгил-мезгили менен айымдар өзүбүзгө суроо берип калабыз: “Деги эркектерге кандай айымдар жагат? Жигиттердин көзүн кантип күйдүрсөм?»

Ар бир айым өнөктөшүнө мыкты болгусу келет же көптөн бери көзү түшүп жүргөн жигиттин көңүлүн бурууну каалайт. Бул макалада, жагымдуу жана ажарлуу болууга жардам берчү психологдордун кеңештерин таба аласыз. Аларды туура пайдалансаңыз, жигиттердин жүрөгүн багынтууда ийгиликтерге жетишесиз.

Ильдар Акбутин, психолог:

Идеалдуу мамиле болбойт, бирок, ага толугу менен жакындоо мүмкүн. Бул 5 ролду өздөштүрсөңүз, өнөктөшүңүз менен болгон мамиле идеалдашат.

  1. Аял ролу. Байлыкта же кедейликте, ооруда жана ден-соолукта күйөөңүздүн жанында болуңуз. Ага жашоонун максатын айтып, улуу иштерди жасаганга түрткү берип, балдарынын алдындагы жоопкерчилигин эскертип туруңуз. Мындайча айтканда аял – кандайдыр бир согушта эркегинин өнөктөшү, шериги, анын жардамчысы, оң колу, ошондой эле пикирдеши болушу кажет.
  2. Эне ролу. Күйөөңүзгө балдарыңыздан кем эмес кам көрүңүз. Эне — даамдуу тамак-аш жасайт, жууйт, тазалайт. Күйөөңүз жумуштан келип, үйгө кирип, эс алып, атүгүл нааразы боло ала турган шарт түзүп бериңиз. Эркек күн сайын күчтүү жана эр жүрөк болушу керек. Мындай катуу басымдан кийин ал камкордукту каалайт. Оба, кичинекей балага энеси кам көргөндөй эле. Таттуу токоч жасап берип, керебетине жаткырып, жууркан жаап, башынан сыласаңыз, ал жапжаңы болуп чыга келет, эрдиктерге даяр болот.
  3. Эже ролу. Бир туугандар түпкүрүндөгү ой-сезимдери тууралуу сүйлөшөт, талашып-тартышат, өнөктөш катары чогуу бир нерсе кылышат, план түзүшөт, идеяларды талкуулашат. Сиз дагы ошондой болуңуз.
  4. Кыз ролу. Эненин ролу — үстөмдүк, эженики – теңдик болсо, кыздыкы– баш ийүү. Эгер сиз эненин ролун жакшы аткарсаңыз, күйөөңүз ишенимдүү жана тынч, эженикинде жоопкерчиликтүү болот. Ал эми кыздын ролун мыкты ойносоңуз, күйөөңүз сиздин каалоолоруңуз үчүн тоону томкорот. Убагында алсыз боло алган аял камкордукка жана коргоого ээ болот. Эркек жардамга муктаж кичинекей баланы көргөндө (ал кичинкей кыз 40 жашта болсо дагы) суперменге айланат.

Кыз алсыз болот, жардам сурай алат, уга алат. Сөз укпаган кызга эркек ал-күчүн коротпойт.

Кыздын ролу — күйөөсү ачуусу келгенде отко май тамызбастан, аны үнсүз тынчтандырып коюу. Буга адатта бир нече мүнөт (бир нече саат эмес) талап кылынат.

  1. Ойнош ролу. Аялдар уктоочу бөлмөнү эркек кумар алган жана берген, кызыктуу жана жагымдуу жайга айландыра алат. Адаттагыдай жасалма боло бербеңиз, ал баарын сезет. Аялдар сезгичтигин, күйөөсү менен интимдүү нерселерди сүйлөшө билүү жөндөмдүүлүгүн өрчүтүүсү керек.

«Аял»  ролу – расмий, аны баары көрө алат. «Эне», «эже» жана «кыз» ролу — үй-бүлөсү менен жакын туугандарына гана көрүнгөн жашыруун рол. Ал эми “ойнош” ролу —  интимдүү, ал жакка башкаларды киргизүүгө болбойт.

Эгерде эркек жоопкерчиликтүү болбой жана сезимдериңизге жооп бербесе, анда ал сиздики эмес!

Рустам Исмаилов, психолог:

Биринчиден, эркек аялды кандай көргүсү келгени маданият, жаш курак, же жеке баалоодон көз каранды. Албетте, «идеалдуу» аялдын сүрөтү бар. Ал сырткы келбетке негизделген. Мисалы, көпчүлүк эркектер аялдардын чачына, тырмагына же терисине карашат. Себеби дененин бул бөлүктөрү аялдын ден-соолугунун абалы тууралуу айтып, анын жагымдуу көрүнүүсүнө таасир этет.

Аялдардын жүрүм-турумуна токтолсок, бул жерде көпчүлүк нерсе эркектин аялдардын гендердик ролун түшүнүүгө негизделген баалуулук системасынан көз каранды. Жалпысынан алганда, эркектер дагы деле, айрыкча биздин маданиятта, назиктикти баалашат. Башкача айтканда, сүйлөшүүдө аялдын жумшактыгына, оор басырыктуулугуна, тартынчаактыгына маани беришет.

Эркектердин өнүгүү деңгээли тууралуу унутпагыла. 25 жаштагы эркек “идеалдуу” айымды 50 жаштагыдан башкача элестетет. Бирок, жалпы күтүүлөр да бар. Мисалы, аялдын  ашыкча жеңил ойлуулугу эркектерди үркүтөт.

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Заманбап өспүрүмдөр колдонгон 5 тиркеме жана сайт

Заманбап өспүрүмдөр колдонгон 5 тиркеме жана сайт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.