AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жигитиңдин балдары бар болсо эмне кылуу керек? Психологдон кеңеш

Жигитиңдин балдары бар болсо эмне кылуу керек? Психологдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Менин окуям төмөнкүчө. 22 жаштамын, престиждүү компанияда эмгектенем. Эч нерседен кем болбой чоңойгом, азыр дагы кем эмесмин.

Бир жигит менен жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Кантип сүйлөшө баштаганыбызды билбей калдым. Болгону ал мени жакшы түшүнөт, мен ага бардык нерсени айта алам,  түрдүү тамашаларды айтып берип, көңүлүмдү көтөрөт.

Ал 33 жашта, 3 баласы бар. Бирок бул нерсе мени токтото алган жок. Чынын айтсам, ал тууралуу ойлогон дагы жокмун.

3 айдан кийин  сурай баштадым. Ал ажырашканын айтты. Бул чын экен, документтерин көрсөттү. Бирок, аялы менен бир үйдө жашап жатканы мени тынчсыздандырат. “Бир үйдө жашаганыбыз менен чогуу жатпайбыз. Балдарым үчүн эле жашап жатам”, — деди. Анысы чындыктай көрүнөт. Себеби, биз эртеден кечке чогуу жүрөбүз, кафеге барабыз, сейилдейбиз, эртең менен, кечинде видео чалуу менен сүйлөшөбүз.

Мен  каршы эмесмин, балдарына үй керек. Аялын деле куубай эле койсун, жашай берсин. Биз  батир сатып алып жашайлы деп чечтик.

Досторунун көбү анын ажырашканына ишенбейт экен. Мени көңүлдөшү катары карашат. Аялы аны дагы да болсо сүйгөндөй туюлат. Мен ага бул оюмду айттым, ал болсо мени сүйөөрүн, буга чейин эч кимди мынчалык сүйбөгөнүн айтты.

Мени эртең менен гүл берип тосуп алат, жумушка жеткирет, кайра кечинде үйгө алып келет. Өзү дагы буга чейин эч кимге гүл берип көрбөгөнүн айтып күлүп калат. Мени жашырбайт. Достору менен тааныштырат. Достору дагы анын жумшак болуп калганын айтышты. Ага ишенсемби же жокпу?

Тамара Воронцова, психолог

Үй-бүлө куруу жоопкерчиликтүү кадам, бул жерде бири-бирин түшүнүү жана юмор жетишсиз. Андыктан баарын таразалап чыгуу керек. Сиздин жигитиңиз ажырашканына карабастан, аялы менен бир үйдө жашап, коомдук жайларга чогуу барышат экен. Мүмкүн алар бизнестин айынан же белгилүү бир себептен улам ажырашып коюну чечишкендир. Достору дагы алардын ажырашканына ишенишпейт экен.

Биз айымдар эркектердин ар бир сөзүнө ишенип көнүп калганбыз. Алар  кыз эмнени уккусу келсе ошону айтышат. Мыйзам боюнча: сөздөргө эмес, кылган иш-аракеттерине ишенүү керек. Бул жерге гүл берүү, тамактанууга чакыруу, комплимент айтуу кирбейт, муну эске алыңыз.

Жигитиңиздин кылган аракеттерине караганда, ал сизди экинчи аял кылып алууну каалап жатат. Сизге расмий түрдө үйлөнгөнү менен, анын мурунку үй-бүлөсү сиздин дагы, анын дагы жашоосунан эч качан кетпей турганын эске алыңыз. Ал тапканынын көбүн балдарына, алардын окуусуна, келечектеги турмушуна берет. Эгер сиз бул нерсени тынч кабыл ала алсаңыз, бул бир тандоо.

Бирок ортоңордо бала пайда болгондо, балдарыңызга дагы көбүрөөк тийишин каалайсыз. Анан чыр-чатак пайда болот. Мисалы, сиз үй анын баласына калышы керек деп жазып жатасыз. Эгерде ортоңордо эркек бала пайда болсо, ага дагы бир бөлүгүн тийишин каалабайт белеңиз? Ал эмне тиги баласынан бир жери кемби? дешиңиз мүмкүн.

Батирге чогуу акча чогултууну каалап жатыпсыздар. Бирок бул нерсени эркек киши кылышы керек. Бирок, ал алимент төлөсө, ал муну ишке ашыра албаары анык. Ортодогу никеңер кантип бүтөөрү белгисиз. Батириңер менталитетке ылайык эркек кишиге же анын апасына калат. Анда сизде эмне калат? Балаңызчы?

Психологдун жардамы менен чече турган көп нерселер бар. Мисалы, жигитиңиз никени расмий каттатууга даярбы? Сизди достору менен гана эмес, туугандары менен дагы тааныштырабы? Досторунун айтымына караганда ал жумшак болуп калыптыр, бирок анын агрессивдүү тарабын билесизби? Жылына күчөп турчу кызгануу менен өмүр бою жашаганга даярсызбы? Суроолор абдан көп.

Жакшылап ойлонуңуз, сиздин алдыңызда эки тагдыр турат, тандоо өз колуңузда. Туура чечим кабыл алышыңызды каалайм!

Гүлбарчын Жумабаева, өспүрүм курактагы никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, жигитиңиздин үй-бүлөсү, үч баласы бар экен. Мүмкүн жакшылап ойлонуп көрөсүз. Айланада бойдок, келишимдүү жигиттер көп. Мен ишенем сиз ошолордун арасынан чыныгы бактыңызды таба аласыз.

Эгер ал сизди ала турган болсо, үй-бүлөсүнөн айрылууга туура келет. Ажырашкан күндө дагы үч балага 18 жашка толгонго чейин алимент төлөйт. Бул чоң сумма болгонуна байланыштуу, дайыма ортоңордо чыр-чатактар жаралышы мүмкүн. Балким, убакыттын өтүшү менен ажырашканына сизди күнөөлөйт.

«Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың» деген кеп бар. Туура чечим кабыл алаарыңызга ишенем!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Атамды жазалагым келет. Жаш кыздын баяны

Атамды жазалагым келет. Жаш кыздын баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.