
Азыр 24 жаштамын. Турмушка чыга элекмин. Бир бала менен сүйлөшүп жүрөм. Жакшы бала: ак көңүл, кичи пейил. Бирок үйдүн кенжеси. Ошондуктан ага турмушка чыккым келбейт. Себеби биздин үй-бүлөдө уул жок. Апам жалгыз калат. Мен үйдүн улуу баласына тийип, иштеп, апама каржы жагынан жардам беришим керек. Кичүүсүнө тийсем айылда отуруп каласың, эчтеке кыла албай. Ал жигиттин мүнөзү жакшы болгону менен көңүлүм жок. Эмне деп айтасыңар? Кандай кеңеш бересиңер?






