Саламатсызбы! Суранам, мага жардам бериңизчи. 18 жаштамын. Москвада апам менен чогуу иштейм. Мындан 7 ай мурун Кыргызстандан бир жигит менен таанышып калдым. Кийин мен Москвага келе бердим, ал бала менен телефон аркылуу 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк.
Өзү бажы кызматкери болчу. Жакында жумушун таштап артыман келди. Апам ал бала менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билет, бирок экөө бири-бирин тааныбайт, көрүшө элек. Жигитим, «чогуу жашайлы, тамак кыла албай кыйналып жатам, мени менен турсаң тамак жасап берет элең» деди.
Апама жигитим менен жашайм деп кантип айтсам болот? Апама айтсам жана жигитим экөөбүз бирге турсак туура деп ойлойсузбу? Кеңеш бериңизчи.







