Жигитим менен төрт жыл сүйлөштүк. Экөөбүз көп жолу урушуп, коштошуучу сөздөрдү айтып, мамилебизди бүтүрүп салабыз. Кайрадан эле бир нерсе болуп сүйлөшүп калчубуз.
Азыр мен Кыргызстандан сырткары, чет жакта жүрөм. Телефон аркылуу байланышып турабыз. Жүрөгүмдү жылыткан, соунун сөздөрдү айтат: “Ар дайым, сени менен болгум келет, сага жетпей калсам, арманда өтөм” деп.
Тилекке каршы, жакында эле, кайрадан түшүнбөстүктөр болуп, уруша кеттик. “Буга чейин сага жөн гана айтып жүргөм, эми чындап айтып жатам, ортобузда мамиле үзүлдү” деп салды.
Эмне кылышты, билбей турам. Катуу айткан болсо сөзүнө турат. Эгер кайрадан чалып же жазып калса, кандай жооп кайтарышым керек? Мындай мамиле мени жүдөтүп жиберди.







