Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын. Жигитм менен 15 жашыбызда интернет аркылуу таанышканбыз. Кийин Бишкекке келип окууга тапшырганда жолугуштук. Аябай сымбаттуу жигит экен, болгону бою кичине.
Сүйлөшпөй коеюн дегем, бирок көнүп калыптырмын. Анын үстүнө аябай аркаман чуркады, жок дей алган жокмун. Экөөбүз Кыргызстандын эки башка областынанбыз, кыз-жигит болушубузга ата-энебиз да каршы.
Биз жаман ишке бардык, экөөбүз кошулдук. Жыныстык катнаш мага жаккан жок, эч кандай рахат алган жокмун. Ал мага «экөөбүз бактылуу болобуз, коркпо», — дей берет. А менин кийинки күндөрү аны менен бир болгум келбей калды. Анын жанында эжесиндей эле көрүнөм. Көчөдөн бир баскым келбейт.
Эмне кылам? Сүйлөшпөй коеюн десем, аны менен жыныстык катнашка барып койгом. Мени эми ким алмак эле? Мага кеңеш берип койгулачы?







