Жигитим экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Биздин мамилебиз жөнүндө бардыгы билишчү: ата-энелерибиз, туугандарыбыз, досторубуз.
Бирок азыр эки жолдо турабыз. Баланын эжелери менин үй-бүлөм жөнүндө сураштырып, жактырышпаптыр. Ошонун айынан көп уруштук. Кийин, мейли, деп баарына чыдайлы деп чечкенбиз. Акыры, үйүндөгүлөр мени келин кылбай турганын билип, аябай жаман абалда калдым. Ортобуздагы мамилени токтоттум. Апасы эмитен мени жактырбаса, кийинки жашообуз кандай болот, элестете албай койдум.
Эми суроо: жигитим экөөбүз кантип өз сүйүүбүздү далилдеп, бирге боло алабыз? Канткенде ушак сөздөргө көңүл бурбай жашоомду улантсам болот?







