Саламатсызбы. Сүйлөшкөн жигитим бар, 27 жашта. Анын негизги кемчилиги жашоодон коркот, элдин сөзүн угуп, апасынын айтканы менен оокат кылат. Ошентип жүрүп ортодо калат.
Мисалы мындай окуя болду, үйлөнөлү деп чечтик, апасы макул болду. Бирок сен окушуң керек да, деп кечке нерв болду. Шаарга кел десем да болбойт. Анан эле, өмүр бою үйлөнбөйм эч кимге деп чечтим, деди.
Андан тышкары мен айткан нерселерди жаса, деп менден доолай берет. Алсыз жери ак көңүл, өтө боорукер, чечкинсиз. Бул нерселерди кантип өзгөртсө болот?







