Саламатсызбы! Мен 17 жаштамын. Көйгөйүм, денемде витилиго бар. Жигитим бар болчу, билчү эмес, ала оорусу менен ооруганымды билгенден кийин таштап кетти. Ошондон бери ойлой берем, мени эч ким албаса керек деп.
Эмнеге так менде ушул оору пайда болду? — деп ыйлаган күндөрүм көп болот. Башкаларга окшоп жүргүм келет, бирок ар дайым жамынып, сүртүнүп ала тактарды катып жүрөм, көрүнбөсүн деп.
Мага кеңеш бергилечи, эмне кылышым керек?







