Саламатсызбы! Мен азыр өтө ыңгайсыз абалга туш болдум. Мындан эки жыл алдын короодон бир кыз менен таанышкан болчум. Толугураак, жылдыздуу кыз эле. Башында ал кызды жөн эле тааныш карындаш катары көрчүмүн. Ал «сизди жакшы көрүп калдым» деп көп жазат эле. Ага окуумду аяктап Москвага кетем, Кыргызстанга 3 жылча кайтпайм дегем. Ал 10 жыл болсо дагы күтөм деп артыман калбай жүрө берди. Башында ага өтө кызганчакмын, бирөө менен жазышсаң мамилебиз бүттү деп эсептей бер дегем.
Ошентип жүрүп Москвага келдим. Жумушка чыкканга чейин ал экөөбүз кечке смс жазышып жатып, аны жакшы көрүп калдым. Ал «сиз келгиче үйдө машыгып, арыктап, сонун кыз болуп калам» деп айтты.
Бир жылдай жүрүп кайра Кыргызстанга кайттым. Ал өзү айткандай сонун болуп тосуп алды. Ал менен 3 ай жүрүп кайра Москвага келдим. Артыман келерин айтты. Чогуу иштеп анан той кылабыз деп сүйлөштүк. Бир күнү телефон чалсам, тамактанып бүтүп жооп берерин айтты. Түнгө чейин күтуп отурдум. Телефону өчүк. Анан ошол короодон тааныш бир инимди үйүнө жөнөтүп, телефонду алсын деп айтчы дедим. Үйүнө барса жок экен, подьездде күтүп тур дедим. Ал кыз саат үчтө кирип келди.
Кайсыл жактан келгенин сурасам байкесинин үйүнөн келатканын айтты. Такси менен келгениңди скриншот кылып жөнөт, байкеңдин үйүн билем дедим. Ал мага ишенбейсиз деп, уруш чыгарып, бардык жактан блокко салып койду. Кайра өзү жазып, мурунку жигити менен 4 жолу жолукканын айтты.
Мен дароо бүттү дедим. Ал жоолук салынган кыз эле, мен ага ишенет элем. Башка кыз менен таанышып, аны менен жүрсөм, мага чалып ыйлап жатат. Жигити менен эч нерсе болбогонун айтты. Эмне кылдсам болот? Ал кызды сүйөм, бирок мурдагы жигити менен жолукканын эстесем жүрөгүм ооруйт.







