AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жигити бир тууган эжесине үйлөнүп алган кыздын баяны

Жигити бир тууган эжесине үйлөнүп алган кыздын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында эжеси менен жигити баш кошуп алганы айтылат.  

Баары бизди “сулуусуңар” деп айтышчу

Бир тууган эжем, биринчи сүйүүм мага чыккынчылык кылат деп эч ойлогон эмесмин.

Эжем экөөбүздүн ортобуз бир жаш. Чогуу бир мектепте окучубуз. Болгону мен бир класс ылдый элем. Бой жетип баштаганда, артыбыздан чуркаган жигиттер көбөйдү. Баары бизди “сулуусуңар” деп айтышчу.

Азат менен жаңы жылдык кечеден таанышкам. Анда 8-класс элем. Ал 11-класс, мектептин президенти. Бийге тартып, көптөн бери мени жактырып жүргөнүн айтты. Кече бүткөндөн кийин, үйгө чейин узатып келди. Ошентип, мамиле кура баштадык.

Эртең менен жолдун башында күтүп турат. Чогуу мектепке барабыз. Түнү менен сүйлөшөбүз. Ээрчишип сейилдейбиз. Майрамдарда көңүлүмдү алып белек берет. Кээде капыстан сюрприз жасайт. Мугалимдерибиз, классташтарыбыз баары суктанып карайт. Айтоор, сүйүү эмне экенин Азатка жолукканда билдим.

Эжем да кубанганын айтып, жакшы жигит деген.

Ошентип, акыркы коңгуроо болду. Азат окууга тапшырганы шаарга жөнөдү. Ыйлап узатып калдым. Күн сайын телефон чалып, акыбалымды сурайт. Шаардан бир нерселерди салып жиберет. Айтоор, мурункудай эле камкор.

Көп өтпөй таптакыр жоголуп кетти

Эжем 9-классты бүтүп, колледжге тапшырганы шаарга кетти. Буйруса, бир жыл чыдасам, мен дагы кетем деп жүрдүм.

Бара-бара Азаттын чалганы азайды. Бир аз сүйлөшүп телефонду коюп коет. Кышкы каникулда айылга келип кеткенин да айтпаптыр. А мен ал күндү канча күткөм. Көп өтпөй таптакыр жоголуп кетти.

11-класска чейин окудум. Университетке тапшырдым. Азатты эч унуткан жокмун. Социалдык тармактардан канча издеп таппай койдум.

Азатты көрүп, эсимди жоготуп койдум

Эжем турмушка чыгаарын айтты. Буга чейин бир бала менен сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн.

Сүрөтүн көрсөтүңүзчү десем, “тойдон көрөсүң” деп күлүп койчу.

Кыз узатуу. Күйөө бала келди. Ким деп, чуркап чыксам, Азат экен. Мени байкамаксан болуп үйгө кирип кетти. Денемди калтырак басып, эсимди жоготуп койдум. Көзүмдү ачсам, төркү бөлмөдө жатыпмын. Жанымдагы жеңемдер, “эжесинин кеткенин да көрбөй калды” деп сүйлөшүп жатышыптыр.

Жакында ресторанда той болот. Барбайм десем, “жалгыз сиңдиси болуп туруп кантип барбай коесуң” деп ата-энем урушат. Эжем менен ошол күндөн бери сүйлөшө элекмин.

Кантип эжем бул нерсеге барды? Азатчы? Түбөлүк сүйүп өтөм деген сөздөрү кайда? Адамдарга болгон ишеничим жоголду. Табитим жок, муңайып эле бир жерди карап олтура берем. Ата-энем күйпөлөктөп жанымдан чыкпайт. Эмне болду дешет. Аларга жездем жигитим болчу экенин кантип айтам? Күндө ыйлайм. Жашагым келбей баратат…

Адис кеңеш берет

Психолог Эльвира Чокоева жашоодо бумеранг мыйзамы жакшы иштээрин айтат:

— Кутмандуу күнүңүз менен! Бул оор абалда сизди колдогум келип турат. Чыккынчылык —  байкатпастан келип бычак урган сыяктуу, а бул жерде эки эселенген чыккынчылык болуп жатат. Билесизби, жашоодо ар дайым кемчиликсиз иштеген бир мыйзам бар: «Бир жолу саткан, кайра сатат».
Менимче, кудай сизди чыккынчыдан сактап калды. Түшүнүп турам, азыр сиз үй-бүлөңүз тууралуу идеалдуу картинаңыз бузулуп калганына байланыштуу кайгырып жатасыз. Бирок, эгер адамдын моралдык принциптери жок болсо жана ал сизге чыккынчылык кылса, кандай болоорун караңыз, сиз ал жигитке турмушка чыксаңыз, бул нерсе 100 % кайталанмак. Ошондо ого бетер оор болмок. Андай адамдын эмне кереги бар?
 
Жашоодо бумеранг мыйзамы жакшы иштейт. Бирөөнүн көз жашы менен башталган эжеңиздин үй-бүлөлүк жашоосу кандай болоорун билбейсиз. Убакыт көрсөтөт.
Таарынычтан оору пайда болот. Келечекте, өзүңүз үчүн бир тууганыңызды кечиргенге аракет кылыңыз, бирок ар дайым ортодогу аралыкты сактаңыз: пландарыңыз, жеке жашооңуз тууралуу айтпаңыз.
Ата-энеңизге бардык чындыкты айтыңыз, жеңилдей түшөсүз, кийин тойго барасызбы же жокпу чогуу чечип аласыңар. Өзүңүздү жалгыздык менен кыйнабаңыз. 
 
Сиз али жашсыз, баары алдыда! Чыккынчыдан сактап калган тагдырыңызга ыраазы болуңуз. Мүмкүнчүлк болгондо, сөзсүз психологдон кеңеш алыңыз. Себеби, жоготуунун бардык 4 баскычынан өтүү маанилүү, чыккынчылык — бул да жоготуу болуп саналат: сүйүктүүңдү, ишенимди, мамилени. 
 
Өзүңүздү кармаңыз! Сизге бакыт каалайм!
 
Карлыгаш Акимкулова, психолог
 
Мындай болгону абдан өкүнүчтүү. Албетте, жигитиңиз менен эжеңиздин кылганы, сиз үчүн чыккынчылык болуп саналат. Биринчи сүйүүңүз, биринчи сезимдериңиз талкаланды. Тойго барбай коюу сиздин укугуңуз. Өзүнүздү ашыкча травма кылуунун кереги жок. Сизге убакыт керек.
 
Балким, мезгилдин өтүшү менен чыныгы махабатка туш болгондо, эжеңиз менен жездеңизди кечиресиз. Мен эч кимди күнөөлөй албайм: эжеңизди да, мурунку жигитиңизди да. Жагдай кандай болгонун, эмне үчүн баш кошууну чечишкенин билбейм. Бирок, алардын башкы айыбы мамилелерин сизден жашырып койгондору. Алар сиздин сезимдериңизди эске алышкан жок.
 
Азыр эжеңиз менен жездеңизди көп көрбөй жана жолукпай турганыңыз жакшы. Тойго эмне үчүн бара албай турганыңызга шылтоо издеп табыңыз. Өзүңүздү кыйнабаңыз. Сизде эч кандай күнөө жок. Сулуусуз, жашсыз. Ишенимдүү жана  сизди сүйгөн жигиттке сөзсүз жолугасыз. 
 
 
 
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялым дүлөй болуп калыптыр десем

Аялым дүлөй болуп калыптыр десем, кеп башкада экен

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.