AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жигит жандагысы келген кыздар

Жигит жандагысы келген кыздар, менин бул 5 катамды кайталабагыла

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам, достор! Биздин редакцияга окурмандардан ар кандай баяндар келип түшөт. Аларды үзгүлтүксүз жарыялап турабыз. Бүгүн бул кат көңүлүбүздү бурду. Жаш кыз жигити менен сүйлөшө баштагандан бери кандай ката кетиргенин айтып бериптир. Анда эмесе, кеп башынан болсун. 

Жигитим деп эле жашап калдым

Эртең менен туруп алып дароо телефонумду карайм, сабакта да аны ойлойм, дароо жооп бербесе кыжалат болом… Мен анын каттарын эле күтүп, качан чалат деп эле жашап калдым. Жолугалы деп сурана бергенимди эстегим да келбейт. Мен анын көзүн караган сайын, ал менден алыстай баштады. Бир күнү «улам сени көрө берип тажап кеттим» деди. Өз жашоомду унутуп, башка адамга сүңгүп кирип кеткеним биринчи катам болду.

Өздүк баам түшө баштады

Мен өтө арык кызмын. Жигитим эмнегедир бул тууралуу көп эскертчү болду. Менин көзүмчө эле спорт менен машыккан кыздардын сүрөтүн карап, ушундай болбойсуңбу деп, атүгүл спортзалдардын аккаунтун жөнөтчү болду. Мурда жакшы жүргөн жаным, ооруй баштадым. Өзүмдү сулуу сезбей, өздүк баам түштү. Бирөөгө артыкчылыгымды басынтканга уруксат бергеним экинчи катам болду.

Жигити жок калгандан корктум

Курбуларымдын баарынын жигити бар. Эгер муну менен мамилемди токтотсом жалгыз калам. Мени эч ким карабайт экен деп ойлошот. Бирок, жигит деген эле аты болбосо, мен анын жанында өзүмдү жалгыз сезчүмүн. Мырзалардын сапаты сөз менен эмес, иш менен аныкталарын түшүндүм. Эгер адам сени чындап сүйсө, ал сени жалгыз калтырбайт. Ал эми эркектин жанында өзүңүздү төмөн сезгениңде, бул мамилени үзгөнүң оң экен. Бул менин үчүнчү катам болду. 

Отчет бере баштадым

«Кайда жүрөсүң?», «Ким менен жүрөсүң?», «Барбайсың!» ж.б. Менин жашоомдо көзөмөл башталды. Мен ага отчет берип, бир жакка барууга уруксат сурачу болдум. Ал каалагандай адам болууга аракет кылып, өз каалоолорумду унуттум. Ички туюмум бул туура эмес экенин айтып жатты. Бирок мен аны укпадым. Ал мени башкара турганын айтканда да унчукпадым. Бул зордук-зомбулук экенин эске албадым. Төртүнчү катам ушундай болду. 

Чындыкты кабыл алгым келбеди

Бир нерсе туура эмес болуп жатканын билем, бирок чындыкты кабыл албадым. Психологго барбадым, жакын адамдардан кеңеш сурадабым. Чүнчүп кеттим. Мен жигитимдин куурчагына айландым. Бул менин адамым эмес экенин түшүндүм. Бирок мамилени үзгөндөн корктум. Бешинчи катам…

Азыр мен бойдокмун. Модель болуп иштейм. Өздүк баам жогору. Өзүмдү кабыл алдым. Айланамды тазаладым. 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Өзүмдү "уродка" деп ойлогонума өкүнөм. Өспүрүм кыздар ой бөлүшөт

Өзүмдү "уродка" деп ойлогонума өкүнөм. Өспүрүм кыздар ой бөлүшөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.