AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жездем зордуктап койду

Жездем зордуктап койду

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Похожее изображение

Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Эжем, иним жана мен.

Мектепти бүткөндөн кийин эжемди коңшу айылга алып качып кетти. Билишимче ал жигитти жактурчу эмес, бирок, апамдар барып олтургузуп койду. Бир айдай айылда болуп, кийин шаарга кетишти.

9-классты аяктаганда жээндүү болдум. Апамдар “Эжеңдин баласын карашып, жардам берип кел. Жездең жумушунан үйгө токтобойт экен” , — деп каникул башталганда шаарга жөнөттү.

Жездем сулуу чумак, боюу узун, сүрдүү болчу. Ачылып деле сүйлөшчү эмеспиз. Бир ай дегенде бири-бирибизге көнүп, кечки тамакты шаңдуу ичип калдык.

Жатаарда чайканып алайын деп душка киргем. Бир маалда эшикти жездем ачып жиберсе болобу. Чоочуп кетип кыйкырып жибердим. Ошондон кийин көзүнө карай албай уялып жүрдүм.

Бир күнү түнү менен эжемдин баласы температура болуп ыйлап чыкты. Эртеси ооруканга алып барса “үч күндөй жатып, укол алгыла” дептир. 

Кечки тамакты жездем экөөбүз чогуу ичтик. Дасторкондун үстүн жыйнап, кино көрүп олтургам. Түнкү 12лерде жездем бөлмөсүнөн чыгып “Апей дагы эле уктабай жатасыңбы? Бул эмне кино экен?” деп жаныма келди. Бир маалда “Жигитиң барбы? Сага кандай балдар жагат?”- деп ыңгайсыз суроолорду бере баштады. Жооп бергенден уялып, телевизорду өчүрдүм да “Жакшы жатыңыз, уктайлы. Эртең эрте эжеме тамак алып барам”, — дедим. Бөлмөсүнө кирип кетти.

Жаман оюм жок уйкуга кирдим. Ысып ойгонуп кеттим, бирөө жанымда жатат. “Жезде, бул эмен кылганыңыз? Туруңуз, уят эмеспи, эжеме айтам” дегиче болбой оозумду басып, зордуктап салды. Таң атканча ыйладым, зордукчуну каргадым. Эч нерсе болбогондой душка түшүп алып, жумушуна кетти.

Кийимдеримди салыштырып, авто бекетке жеткенде эжеме чалып, айылга кетип жатканымды айттым. “Эмнеге кетесиң? Окууңдун башталышына дагы 10 күн барго. Жездең экөөбүз чогуу жеткирип келмекпиз” деген сөздөрүн укпай эле жолго чыктым.

Жолду карай көзүмдөн жаш токтогон жок. “Апей, сентябрда келем деп жатпадың беле, эмне эрте эле келип алдың”, — деп апам тосуп чыкты. Эч нерсе болбогондой жылмайып гана кутулдум.

Арадан бир нече убакыт өттү. Эми келечегим эмне болот? Мени ким жубайлыкка алат? Жездем зордуктап салган десем ишенишеби? Эжеме ачыгын айтсам кандай болот? Бирок мен үчүн үй-бүлөсүнүн бузулушун каалабайм. Мага кеңеш бериңиздерчи!

Гүлмира Молдокулова, психолог:

Жездең жасаган нерсе бул “ кылмыш ” деп эсептелинет. Менин сунушум апаңа, эжеңе айтканың туура болот. Анткени бул адам бир жолу жаман ишти кылгандан кийин, дагы кайталаса эмне болот? Сенден башка өзүнүн, туугандардын же болбосо кошунанын кыздары сен кабылган абалга туш келип калышы толук ыктымал. Ошондуктан айтып бетин ачуу керек. 

Темирбек Камчыбек уулу, аймактык инспектор:

Сага күч колдонулган болсо, аймактык милицияга арыз менен кайрылсаң болот. Үстүнөн “зордуктоо” боюнча кылмыш иши жүргүзүлөт, далил болуусу абзел. Мындай нерсени убагында ойлонуп милицияга кайрылышың керек болчу. Арадан канча убакыт өттү? Көп убакыт өтүп кетсе далилдеп берүү оор болуп калат. Кечиктербе, тезинен апаңдарга айтып, укук коргоо органдарына кайрыл. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“Турмушка чыктыңбы

“Турмушка чыктыңбы, жаша! Үйгө келчү болбогун!”

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.