
Мага жардамыңыз керек. Эжем менен жездемдин ортосунда үч бала бар. Никеси катталган. Азыр экөө ажырашып, жашабай калышкан. Эжем Казакстанга иштеп кеткен. Балдар биз менен. Экөөсүнүн фамилиясы бизге жазылган. Жездем балдарды алып кетем деп жатат. Кантип алып калсак болот?






