AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жетинчи жолу турмушка чыгып жаткан эжемден уялам деген кыздын баяны

Жетинчи жолу турмушка чыгып жаткан эжемден уялам деген кыздын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Перизат: ажырашса балдарын күйөөсүнө таштап коет

Эжемдин бул жоругу ата-энемди оорукчан кылып бүтмөй болду. Анда кеп башынан болсун.

Беш бир тууганбыз. Эки эжем, эки байкем бар. Мен үйдүн кенжесимин. Ата-энебиз пенсияда, үйдө мал-жан менен алек. Апам кол өнөрчү. Убактысы болгондо бир нерселерди жасап сата калат. Турмушубузга нааразы эмеспиз, болгону улуу эжебиз баарыбызды кабатыр кылып жүрөт.

Жакында турмушка чыгат. Жетинчи жолу! Оба, жетинчи жолу!

Биринчи жолу, университетти аяктаганда, сүйлөшүп жүргөн жигитине күйөөгө тийген. Бир жыл айланбай ажырашып кетти, баласын күйөөсүнө таштап койду.

Эки айдан кийин эле турмушка чыктым деп үйгө кабар берди. Артынан кууп бардык. Кудалар жакшы тосуп алышты. Эки кыздуу болгондон кийин эки жолго түшүштү. Экинчи турмушу 3 жылга созулду. Мотурайган эки кызын кайын журтуна таштап келе берди.

3 жолу расмий түрдө эмес, нике кыйдырып эле турмушка чыкты. Атам канча айтты, уккан жок. Нике кыйдырат, талагын алат, кайра нике кыйдырат, талагын алат. Кыскасы ушундай. Бул 3 турмушунда балалуу болгон жок.

Себебин анык айтпайт: сүйбөй калдым, менин адамым эмес экен, мүнөзүбүз туура келген жок деп кутулат.

Акыркы жолу ажырашып келгенде бир айча үйдө жүрүп калды. Ошондо коңшу айылдагы классташына жолугуп калып, ага турмушка чыкты. Бул алтынчысы. 3 ай жашады окшойт. Боюнан түшүп калгандан кийин ажырашып кетишти.

Көчөгө чыга чыга албай калдык. Базарга же той-топурга барсак артыбыздан шыбыраган үндөр угулат.

Эжемдин айынан мени эч ким албай койбойбу деп корком.

Мына кечээ дагы жагымдуу жаңылык уктук. Интернеттен ажырашкан, 4 баласы бар бир киши менен таанышыптыр. Ошого турмушка чыгам дейт. Албетте, ата-энебиз каршы чыгып, үйдө чоң жаңжал болду. Алардыкы да туура, эжем 40ка келип калды, таштап келген балдарын эч ойлобойт.

Сурайын дегеним, бул оору эмеспи? Эжеме кантип жардам бере алам?

 Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Сиз эжеңизге эч кандай жардам бере албайсыз, ошондой эле, ал сизден жардам сураган жок. Эжеңиз өзү туура көргөндөй жашап жатат – өзүнүн жыргалы үчүн!

Жашоосун мындай жол менен кургусу келгенинде психологиялык бир көйгөй же негиз бар болсо, анда эжеңиз менен иш алып баруу керек, бул учурда да өзү каалап, психологго барууну чечсе гана, себеби эч кимди мажбурлай албайбыз.

Бул кырдаалда көбүнчө ташталган балдары жапа чегүүдө, ошон үчүн эжеңизге бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууну үйрөтүү – эң туура чечим болот.

Ал эми сиз, менин кымбаттуум, өзүңүздүн жашооңуз жөнүндө ойлонуңуз. Жакшысы, шаарга барып, окуп, иштеп, батирге чыгып, сүйүктүүңүзгө жолугуңуз. Мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, башка өлкөлөргө барып, жер таанып, өзүңүздү өнүктүрүңүз.

Албетте, өзүңүздүн айылыңыздан турмушка чыгуу кыйын болот, эгер бирөө алса да, урушуп кеткенде, эжеңизге салыштырып, кекетиши мүмкүн.  

Кыскасы, жеке жашооңуз менен алектениңиз! Ар кимдин өз турмушу бар! Бул нерсени унутпаңыз.

Карлыгаш Акимкулова жооп берет, „Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт 

Саламатсызбы! Тилекке каршы, сиз эжеңизге жардам бере албайсыз. Ал чоң адам. Кыязы, анын психика менен байланыштуу олуттуу көйгөйү бар. Жаш курагына карабастан, ал дале кичине бала бойдон калып калган: жоопкерчилик сезими, баласына, туугандарына болгон камкордугу жок. Сиз муну көрүп жана нормалдуу эмес экенин түшүнүп турасыз. Сиздин максат — эжеңиздин жүрүм-турумун жүрөгүңүзгө, үй-бүлөңүзгө жакын кабыл албоо. Бул анын жашоосу. 40 жашта болгондон кийин, өзүнө-өзү кам көрүшүшү керек. А сиз өзүңүзгө жана ата-энеңизге кам көрүңүз. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул кайсы жылдыздын бала чактагы сүрөтү? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Бул кайсы жылдыздын бала чактагы сүрөтү? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.