Турмушка чыккам, никеге турганбыз, үлпөт той беребиз дешкенинен нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Эки жарым ай өткөндө боюмда болгон, токсикоз болуп жатканда үйүмө сурансам жибербей койгон. Жолдошум мени таарынтып, »кетем үйгө” деп айтканга мажбур кылган. Ал ата-энемдин үйүнө жеткирип берген. Мен ыйлап кала бергем. Бир-эки күндүн ичинде туугандары атырылып УЗИге түшүртүп, “бала биздики эмес” дегенге чейин барышкан. “Сотко кайрылбайм, кетип калганыма өзүм күнөөлүмүн, кайрылып келбейм” деп кат жаздыртып алышкан.
Жолдошума таарынып сүйлөшкүм келбей калган. Ошол кезде чалып, тынчымды алып көп ыйлатчу. Кээде эсим ооп жыгылып калчумун, буга курбу кыздарым күбө. Күйөөм төрт айга жок болуп кетти. Эми кайра пайда болуп, кечирим сурамыш этип, үмүт берип, кайра качып мени менен сүйлөшүүдөн баш тартып жүрөт. Үйүнө барсам, туугандары келип уруш чыгарып кетишти. Жети айлык боюмда бар экенине карабай, «кубалап болсо да кетир» – деп жолдошумду мага тукурушту. Өзүмдү жаман сезип жатам, эмне чара көрсөм болот?







