Саламатсызбы! Атамдын байкесинин аялы бизге жерин сатып жатат. Ал жер айылда, биздин огороддун сыртында жайгашкан. Аял өзү шаарда жашайт. Айылга барып убара болбой, шаардан нотаирус аркылуу өткөрүп берерин айтты. Жердин документтери толук эмес окшойт. Документтерди бериңиз, адиске көрсөтүп көрөйүн десем, болбой койду. Эгер ал жерди Бишкектен нотариус аркылуу өткөрүп алсам, ээси болуп каламбы? Акчам күйүп кетеби деп кабатыр болуп жатам.







