AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жеңем уулумдун аты аялымдын айылдагы сүйгөнүнүкү экенин айтты

Жеңем уулумдун аты аялымдын айылдагы сүйгөнүнүкү экенин айтты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш атанын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Менин окуям кыска эле. Бирок, баары бир силер менен бөлүшкүм келди. Балким, он адамга болбосо дагы, бирөөнө пайдасы тиер.

Азыр мен мурдагыдай адам эмесмин, жүз градуска өзгөрдүм. Өз көзүм менен көрмөйүн, же ал адамдын өзүнөн сурамайын ушактарга такыр ишенбейм. Андыктан, “ой, чын”,-деп, мага бекер убакыт коротпогула. Деги эле ушак башталса, сыртка чыгып кетем. Ушундай көңүлүм калды.

Келинчегимди катуу сүйөм. Аз жерден акмактык кылып аны жоготуп ала таштадым. Убагында эсиме келип, кечирим сурадым.

Аялым баланы көтөрүп жүргөндө “аты ушундай болсунчу”,-деп, бир ысымды койгусу келип жүргөн. Тогуз ай түйшүк тартып көтөрүп, кыйналып толготуп, мотурайган бала төрөсө, анан кантип жок дейм. “Баары сен каалагандай болот”,-дедим.

Уулдуу болгонумду сүйүнчүлөп айылдагы апамдарга жөнөдүм. Келинчегим менен айылдаш болгон бир жеңем бар. Үйгө кирип барсам, ошол конокко келген экен. Чынын айтсам мага жага бербейт. Ар нерсеге кийлигишип, бирөөнүн ишине мурдун тыкканды жактырат. “Атын ким койдуңар”,-деди. Келинчегим өзү ат койгонун айттым. Апам: “ Туура кылдың уулум. Баланы жарык дүйнөгө алып келиш оор, азаптын баарын аял көтөрөт. Андыктан, каалаган атын койсун. А биз неберебизди кандай болсо, ошондой жакшы көрөбүз.”

Ошол маалда жеңем, “ай, ал жанагы биринчи сүйгөнүнүн аты го, айылдашыбыз болот ал дагы”,-десе болобу. Кызганычтан өрт болуп чыктым. Дароо төрөтканага жөнөдүм. Келинчегим араң басып сыртка чыкты.

— Эмнеге сен сүйгөнүңдүн атын балабызга коесуң.

— Түшүнбөдүм.

— Жеңем айтты, айылда жүргөндө бир жигит менен сүйлөшчү, ошонун аты деп.

— Уулума мени багып чоңойткон, ыраматылык таятамдын атын койгом. Ооба, айылдашыбыз бар болчу. Ал менин аркаман чуркап жүрчү. Бирок, мен анын сезимдерин кабыл алган эмесмин. Таятамдын аты ушундай экенин сага айткам. Эсиңден чыгып кетсе, мен күнөөлүү эмесмин. Жеңеңе ишенсең, бул жакка келбе.

Кирип кетти. Тууй ата, чын эле таятасынын аты ушундай эмес беле.

Күн сайын барам чыкпайт. Катуу таарынтып алдым. Тиги жеңем болсо, эртеси чалып, “ай сүйгөнү деп коем, артынан чуркаган жигит”,-деп жымыңдады. Телефонду басып койдум. Апаман катуу уруш жедим.

Бир жолу кетпей жатканын палатасынын терезесинин түбүнө отуруп алдым. Улам чыгып карап коет. Түн кирди. Тоңуп отура бердим. Мен ушуга татыктуумун. Акыры форточканы ачып, “мен шоколад жегим келип жатат”,-деди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. “Азыр, жаным”,-деген боюнча дүкөнгө чуркап жөнөдүм. Эми эч качан таарынтпайм.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялыма арзан алтын алып бергенден уялам

Аялыма арзан алтын алып бергенден уялам

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.