AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жеңем түндө ичип келээрин байкем билбейт деген жигиттин баяны

Жеңем түндө ичип келээрин байкем билбейт деген жигиттин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Мурат 19 жаштагы студент. Келечекте инженер болугусу келет. Жаш жигиттин айтымында жеңеси күйүтүнөн ичип жүрөт. 

«Жеңемдин бул кылыгынан байкемдин кабары жок»

3 бир тууганбыз. Эжем турмушка чыккан, байкем Россияда айдоочу болуп иштейт, жеңем биз менен турат. Ата-энем пенсияда, экөө тең аябай ак көңүл. Баса, Темушту унутуп калыпмын, байкем менен жеңемдин 3-класстагы баласы.

Жеңем ашпозчу. Таң эрте кетет, түндөсү келет. Келгенде да жөн келбей, ичип келет. Жеңем серп этип алганда таң атканга чейин уйку жок. Ар нерсени сүйлөйт: жашоосуна наалыйт, байкемди бирөө менен жүрөт деп жамандайт, күйөө деген аялынын маңдайында болсо кана деп ыйлайт, кээде ажырашып башкага тийип кетээрин айтат. 

Ата-энем байкуш унчукпай «сеники туура» деп маңдайында отурат.

Таң атканда уктап, эртең менен кайра эч нерсе болбогондой жумушуна жөнөп кетет. Темушту биз карайбыз: окуусуна мен алып барам, апамдар жуунтуп, кийинтип, курсагын тойгузат. Байкемдин жеңемдин бул кылыгынан кабары жок. Алыста жүргөндө айтпай эле коелу деп чечкенбиз.

Бир туруп жеңеме да боорум ооруп кетет. Байкем жиберген акча жетпейт, жеңем тамак жыттанып, чарчап, жуунганга алы келбей, түндө келет. Балким күйүтүнөн ичет деп ойлойм. Бирок, бул адатын уланта берсе аягы жакшы бүтчүдөй эмес. Ата-энем да кары, байкем менен жеңемдин жашоосун ойлоно берип жүрөктөрү да оорукчан болуп калды.

Айтыңызчы, жеңеме кантип жардам берсем болот? 

Адис кеңеш берет

Ширин Амантурова, психолог

Урматтуу окурман! Бир тууган байкеңиздин үй-бүлөсүндө болуп жаткан маселе сизди тынчыңызды алып жатканы абдан өкүнүчтүү. Эки адам ортосунда пайда болгон көйгөйлөрдү (сиз канчалык аракет кылсаңыз да) жубайлар өз алдынча чечиш керек.

Жеңеңиздин ичимдикке берилип кетишине көп себептерди айтса болот: курчап жаткан чөйрөсү, балким кесиптештери, үй-бүлөлүк көйгөйлөр, стресс, «склонность к алкоголизму» ж.б.

Ата-энеңиздин байкеңизге айтпаганы бир чети туура, бирок мунун аягы аянычтуу бүтүшү ыктымал: жеңеңиз баш оту менен ичкиликке берилип кетиши мүмкүн же байкеңиздин үй-бүлөсү менен болуп жаткан окуяларды көргөн баланын психикасы бузулат. 

Ичкенге ар кандай шылтоолор табыла берет, бирок бардык көйгөйлөр үчүн башка бирөөнү күнөөлөө — бул жоопкерчиликтен качуу. Жеңеңизге медициналык жана психологиялык жардам керек. Күйөөсүнө айткыла демекчимин, ал канчалык эрте билсе, ошончолук жардам берүү эффективдүү болот.

Үй-бүлөңөргө бакыт каалайм!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Улуттук идиш-аяктарды тааный аласызбы? Тесттен өтүңүз

Улуттук идиш-аяктарды тааный аласызбы? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.