Саламатсызбы! Биз бир тууган агамдын кызын жети жашына чейин багып чоңойтуп койсок, жеңем талашып сотко берип жатат. Менин агам 2014-жылы өтүп кеткен. Жеңем бир жыл үйдө жүргөн, кийин кызын бизге таштап турмушка чыгып кеткен. Ушул убакытка чейин бир дагы жолу кабар алган эмес. Апам байкуш жалгыз чоңойтту. Эми жеңем сотко берип тартып алам деп жатат. Азыркы күйөөсүнөн бир кызы бар. Ал күйөөсүнүн мурунку турмушунан баласы бар. Сиңдим аларга кантип батмак эле. Сот сиңдибиз кимге барам десе ошого береби же зордоп коркутуп эле жеңеме берип коюшабы? Эгерде сиңдимди алып кетсе синдим ооруп калышы мүмкүн. Себеби апама аябай көнүп калган. Ал жок тамак дагы жебейт.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







