«Айыл Банк» ААК баалуу буюмдарды сактоо үчүн ыңгайлуу, ишенимдүү жана коопсуз жерди — жеке банк сейфин сунуш кылат.
Жеке металл сейф банк уячасында, тактап айтканда жогорку деңгээлде корголгон, атайын жабдылган кампада сакталат.
Накталай акча каражаттарын, баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды жана таштарды, зер буюмдарды сактоо үчүн сейфти ижарага алсаңыз болот жана алардын сакталышына жана коопсуздугуна кепилдик берилет.
Ижара мөөнөтү — бир күндөн 12 айга чейин.
Бардык маалыматтар банктын сайтында жеткиликтүү.







