AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн 5 кеңеш

Жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн 5 кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Нуриза Батырбекова түз эфирибизде конокто болуп, жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңсе боло турганын айтып берди. Пайдалуу кеңештерди төмөндөн окуңуз. 

1. Качпаңыз

Оор кырдаалга туш болгондо, андан баш тартууга аракет кылбаңыз. Көйгөйдөн канчалык узак убакытка чейин алыс болсоңуз, аны чечүү үчүн ошончолук убакыт талап кылынат. Кыйынчылыкты моюнга алыңыз, башыңыздан өткөргөнгө даяр болуңуз, ошондо жеңишке ээ болосуз. Эсиңизде болсун, жашообузду өзгөртүп, чечим кабыл алганга ар бирөөбүздүн күчүбүз жетет.

Кандай гана кыйынчылык болбосун, чыгуу жолу бар.

2. Позитивдүү болуңуз

Кыйынчылыкка туш болгондо денебиз эмне кылуу керектигин өзү айтат. Биз аны укпай калышыбыз мүмкүн, эгер жаман ойлорго жол берсек. Эч качан “колуңдан келбейт” деп, өзүңүздү урушпаңыз, жемелебеңиз. Бул нерсе абалды кайра курчутат.  “Стоп!” Жаман ойлор келе баштаганда дароо ушул методду колдонуңуз. Баары ойлорубузга жараша болот. Андыктан ошонун үстүндө иштеңиз.

Сизде эки жол бар: туннелдин аягында жарык бар экенин эсиңизге саласыз же көйгөйлөргө жеңилип бересиз.  

3. Сиз кимсиз?

Адамдын эки түрү бар: курмандык жана жеңүүчү.

Курмандык  — бардык нерсеге негатив менен мамиле жасайт, ар бир сөзү “бирок” деп башталат. Мисалы, “мен жасамакмын, бирок…”. Колунан келбей турганын көп айтат. Кыйынчылыктын жаман гана жактарын көрүп, болушунча андан чыкпаганга аракет жасайт. Жоопкерчиликтен качып, ар дайым бирөөнү же бир нерсени күнөөлөйт.

Жеңүүчү – позитивдүү ой жүгүртөт, кыйынчылыкты маселе катары кабыл алып, план иштеп чыгып, анын чечкенге аракет кылат, мүмкүнчүлүктөрдү издейт. Жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

4. Жардам сураңыз

Кээ бир адамдар кыйынчылыктан өздөрү чыгып кетет. Айрымдарына колдоо, ошол эле учурда жардам керек болот. Жардам сурап кайрылуу күчтүүлүктүн жана кайраттуулуктун белгиси. Жашоодогу оор кырдаалды жеңүү үчүн ар кандай жолдор менен жардам издөөдөн коркпоңуз. Көйгөйлөрдү ичиңизге катпаңыз.

Сүйлөшкөндү үйрөнүңүз.

5. Сабак катары кабыл алыңыз

Кыйынчылыкка кабылганда баарын анализдеп чыгыңыз. Ар бир болуп жаткан нерсени өзүңүзгө тажрыйба катары кабыл алыңыз. Жыйынтыгында, кийин ушундай жагдайга туш болуп калсаңыз, андан чыгуу үчүн үчүн эмне кылуу керектигин билип каласыз.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
"Баламды пландаштырып төрөгөнүмө сүйүнөм." Үй-бүлөнү пландаштыруу тууралуу

"Баламды пландаштырып төрөгөнүмө сүйүнөм." Үй-бүлөнү пландаштыруу тууралуу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.