AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жанымда жаткан күйөөм эмес

Жанымда жаткан күйөөм эмес, мени бул эки адам өлүмдөн сактады

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Сиз келбесеңиз өлүп калмакмын»

— Мага дары менен “молокоотсос” алып келип берчи. Эмчегиме сүт толуп кыйналып жатам.

— Кайдагы балээни баштайсың! Эмизе эле бербейт белең!

— Эми жөө барбайсың го. Машинаң деле бар.

— Айылдын келиндери сонун эле чыгарып жатышат. Жөн эле эркелеп жатам дебейсиңби?

— Тим эле койчу. Рахмат жардамыңа. 

Баланы эмчектен чыгаруу мынчалык оор болот экенин билген эмесмин. Ананчы, биринчи жолу эне болуп жатсам, билгенимден билбегеним көп дегендей. Түштөн кийин денемди кара тер басып, төшүм барсайып, температурам көтөрүлүп төшөккө жатып калдым. Коноктоп келген кайын агама тамак жасап бергенге алым келбеди. Ал дагы ары-бери өтүп карап коет. Жаман көрүп жатат го деп ойлогом. Кабатыр болгонун кайдан билдим. Жоош неме жаныма келип акыбалымды сурагандан тартыныптыр.

Ыйласа чыдабай эмизип алам деп баламды өз апама таштап ырас кылыпмын. 

Кайын энем курбусунукуна куран окутканы кеткен. Кеч болуп кетсе жатып каларын айткан. Көзүм илинип кетиптир. Телефондун чырылдаганынан ойгондум. Үнү чыгат, өзү көрүнбөйт. Мен тапкыча өчүп калды. Үстүнө жатып алыпмын. Дагы чырылдады. Карасам кайын энем экен.

— Ай, эмне болду? Соосуңбу деги? Жекшен чалып (кайын агам) сени бир нерсе болуп жатат деди.

— Апа, сыркоолоп калдым.

— Ошо бир нерсени сезгем. Мен азыр жолго чыгам.

“Айланайын! Кебетең кантет, ыя!” Кайын энем машина таппай, араң дегенде түнкү саат бирде келиптир. Көзүмдү ачсам чекемдеги теримди сүртүп жатыптыр. Сүйлөгөнгө алым жок. Төшүмдүн ооруганынан колумду көтөрө албайм. Тердей берип төшөгүм былчылдап суу. Эсимди жоготуп, кайра өзүмө келип жаттым.

«Сага аял кереги жокпу? Бул эмне кылганың? Кыйналып жатканын көрүп турасыңбы? Дарысын алып келгенге жараган жоксуңбу? Сендей уулду төрөгөнүмө уялам! Азыр кайдан таап келсең, айдан таап кел! Колуңда дары менен “молокоотсос” жок үйгө келбе!”, — деп аябай урушту. 

“Түнкү саат экиде кайдан табам?” дегенин укпай, колуна курткасын карматып койду. 

Күйөөм бир сааттан кийин айткандарын көтөрүп келди. “Апа, эмне кылайын?” деп  кайын энеме кошулуп, жанымда айланчыктап жүрдү. Кайын энем жетимиштин кырын ашып калган.  Өзү сүтүмдү саап, дарымды берип, кийимдеримди которуп, жанымда отурду. Ортодон күйөөмдү кадимкидей сөгүп коюп жатты. Күйөөм туура эмес кылганын түшүнүп, унчукпады.

Таң атты. Сергек ойгондум. Жанымда кайын энем уктап жатат. Кыязы, жаңы эле көзү илинген окшойт. Үстүнө дагы эч нерсе жамынбаптыр. Кайын энеме, аны чакырткан кайын агама аябай ыраазы болдум.

Кайын энем: Кандай болуп калдың, жакшысыңбы, айланайын?

— Апа, сиз келбесеңиз өлүп калмакмын. Рахмат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күн баткандан кийин бирөөгө акча берсең эмне болот? Өзгөчө тесттен өтүңүз

Күн баткандан кийин бирөөгө акча берсең эмне болот? Өзгөчө тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.