AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жаңы жылды шымы жок тоскон жигиттин окуясы

Жаңы жылды шымы жок тоскон жигиттин окуясы

29 декабря, 2021
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

2017-жылды айылдан тосмой болдум. Ата-энем, досторум сүйүнүп тосуп алышты.

31 күнү кошуна балдар «Жүрү кечки костёрго дөңгөлөк чогултуп келебиз», -дешти. Дөңгөлөк издеп жүрүп кытайлардын заводуна келдик. Бирөө жарым болсо сурап көрөлү деп эки жакты карасак эч ким жок. Мейличи деп, чоң дөңгөлөктөрдү тоголотуп үйдү көздөй жөнөдүк. Орто жолдон эс алып олтурсак, жанымдагы бала качып кетсе болобу. Таң калып кошунама «эмне болду, тиги эмне качып кетти?»,-десем, «артта эки атчан келе жатат качтык»,-деди.

Бутубуз-бутубузга тийбей качып баратсак, жол боюнда чоң труба бар экен, ичине кирип кеттик. Үнүбүздү чыгарбай жатабыз, бир маалда, «чыккыла, кимдин балдарысыңар?», — деди. Жооп бербей койдук. Бирөөсү аттан түшүп, бизди көздөй келе жатканда чыга качтык. Жеки Чан индеецтерден качкандай эле качтык го чиркин. Үйгө жетейин дегенде буттарыбыз ооруп, чуркай албай кармалып калып тил уктук.

Кеч кирди. Кошуналар топтолуп костёрду жагып, үстүнөн секирип жыргап жатышты. Мага кезек жеткенде, кыйын болуп үстүнөн секирип өтсөм, шымым күйүп калды. Караңгыда кызарганым билинген жок ойшойт, күлө албай же ыйлай албай кала бердим. «Ээ, бүл күн меники эмес окшойт» дедим да, үйгө кирип чыкпай жатып алдым. Ошол 31-декабрь эч эсимден кетпейт. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!

Урматтуу достор, сиздерде да жаңы жылдык кызыктуу окуялар болсо, 0704004608 ватсап номуруна жибериңиз. Мыктыларын сайтка жарыялайбыз.

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем кечирим сураш үчүн Аяз ата болуп кийинип келиптир

Кайын энем кечирим сураш үчүн Аяз ата болуп кийинип келиптир

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.