AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жаңы жылда кайын-журтума кызмат кылып жүрүп аялыма болгон мамилем өзгөрдү

Жаңы жылда кайын-журтума кызмат кылып жүрүп аялыма болгон мамилем өзгөрдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жаңы жыл. Эшик. Кар жаап жатат. Мен кара казанга от жагып алып, эт бышырып отурам. Үйдө коноктор толтура. Баары бака-шака. Менин атам менен апам дагы бар. Мени унутуп коюшту. Суук жанга бата баштады.

Балдызым чыгып шорпо куюп кетти. Үйдөгүлөр этти эзбей бышырсын дептир. Ачуум келди. Балдызым кирип кеткенден кийин «кыйын болсоңор өзүңөр бышыргыла» деп сүйлөнүп алдым. Кызмат кылганым жакпаса, башка таап алышсын.

Келинчегим чыкты. Үстүмө куртка, колуна пакетке бир нерселерди салып көтөрүп алыптыр. 

«Тур, могу куртканы кий, үшүйсүң, бутуңа бул атамдын жүн байпагын кийип ал. Эт бышкыча ооруп калба. Коноктор дагы келди. Сага ысык чай алып келдим. Салат, боорсок сала чыктым. Кел ичип ал. Мен от салып турам.»

Сырттагы суукту унуттум. Жүрөгүм жылыганын айтпагыла. Аябай ыраазы болдум. Бир чоң, ичи толтура адамдар болгон үйдөн мени ойлогон бир гана адам бар экен. Байкушум, кайра шашып үйгө кирип кетти. Аны жаныма болтурбай, чакыртып алышты.

Келинчегим көтөрүп чыккан боорсок менен шорпо ичип жатып бир учур эсиме келди. Анда апамдын байкеси каза болуп, баарыбыз ошол жакта элек. Күн-түн дебей кызмат кылганбыз. Үйгө баратканда келинчегим «мени бир сурап, бир чыны шорпо ичип алдыңбы деп сурабадың, ал жакта эң эле жакыным сен эле» деп таарынган. Мен аны эми түшүнүп турам. 

Көрсө, кээде ушундай мамиле, жылуу сөз, кам көрүү гана баарын билгизип коет экен. 

Чыныгы кара шорподон куйдум. Ашканага барып, терезесин тыкылдаттым. Келинчегим идиш жууп жатыптыр. Терезени ачты. Шорпо менен бир кабырганы сунуп, «жеп ал курсагың ачты» дедим.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Үй-бүлө куруу үчүн жакшы жыл. Коён жылы тууралуу кызыктуу фактылар

Үй-бүлө куруу үчүн жакшы жыл. Коён жылы тууралуу кызыктуу фактылар

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.