AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жаңы жашоого жол табамбы?

Жаңы жашоого жол табамбы?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

“Эч бир адамга ичимдеги сырымды, оюмду айта албайм. Жашым болсо 23 тө. Анан калса досторум да жок, ишенген бир досум бар, бирок ал коңгуроо кылса же кат жазса дароо урушуп кетем. Күнүмдүк жашоом “үй жумуш, жумуш үй” менен коштолот, ашыкча эч жакка барбайм, мындай жашоодон жадап кеттим. Ата-энем, бир туугандарым бар, алар менен ар кандай сырларым, көйгөйлөрүм жөнүндө сүйлөшө албайм”-деген суроо менен окурманыбыз кайрылган эле. Мындай көрүнүштөр балдар жана жаштар арасында көп кездешкендиктен психолог Бермет Наралиева жооп берди.

Азаматсыз! Өзгөрүүгө умтулуп, себептерин табууга аракет жасаганыңыз бул жакшы кадам. “Үй жумуш, жумуш үй” болуп эч жакка барбай тажап кетсеңиз, өзүңүз жалгыз жүргөндөн жадап, протест жасаганыңыз бул өзгөрүүгө болгон аракет. Жеке жолугушуу болсо сиздин өзүңүздү баалооңуз боюнча, психикаңыздын өсүүсүндөгү эмоционалдык бузулуулар туурасында, пикир алышуудагы тоскоолдуктар туурасында маселе карамакпыз. Ошентсе да 23 жаш куракта бир адам менен чечилишип сыр бөлүшө албасаңыз, бир да дос күтпөсөңүз, ишенген бир дос болсо аны менен да урушуп кетсеңиз, билген эле алектенүүңүз жумуш болсо, урматтуум, мунун баарына ким же эмне күнөөлүү деген суроого сизден жооп алууга кызыкдар элем, ошол маселенин тегеренинде пикир алышып жол тапсак эмнеге болбосун.

23 жаш жетилген курактын алгачкы этабы, элибизде айтылгандай кирээр акыл кирип, чыгаар акыл чыгып, ак-караны айра таанып, эмне керек жана эмнени каалайсыз даана билип калган курак.

Бул куракта дем берүү компоненти — адамдын импульсивдүүлүгү басаңдап, ар нерсени шашылбай акыл калчап чечимди өз алдынча кабыл алып баштайт. Өз кылык жоругуна, башкалардын жасаган иш аракеттерине маанилүү анализ жүргүзүп калат. Ар тараптан инсандык касиеттери калыптанып баштайт.

Баардык каалоо мүмкүнчүлүктөрүңүздү ишке ашыруу үчүн: позитивге көңүл буруу, өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, актуалдуулукту сезүү, башкача айтканда сиз кимгедир керек же баалуу экендигиңизди сезүү болушу керек.

Баардык нерселердин кызыксыз болушунун себептери:

  • Сизде позитивдүү көңүл коюу болбой жатат.
  • Ишеним жок. Балким өзүңүзгө берген бааңыз да төмөн.
  • Өз каалоо-тилектериңизди ишке ашыра албай кыйналып жатасыз. Пикир алышууңузда чоң маселе жатат.

Бул нерселерге сиз күнөөлүү эмессиз. Көбүнчөсү мындай маселелердин себептери бала кезде алган тарбиядан, ата-энелерге, тегерегиндегилерге көз каранды. Психолог Зигмунд Фрейд: “Ар бир адам бала кезде башынан бир нече окуяларды кечирип ага таасирленип, кийин чоң турмушта ошол нерсенин жообун издеп табууга аракеттенип жашайт” —деп жазат. Сиз психоаналитикалык изилденүүгө муктажсыз. Сиздеги бар мүчүлүштүктөрдү жолго салууга сөзсүз болот. Баары өз колуңузда, бирок аларды өз алдынча түздөп, ондоп жөнгө салуу үчүн психологдун да жардамы керек болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Курсагым курулдай берет

Курсагым курулдай берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.