AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жалгыз кар күрөп жүргөнүмдү көргөн кайын энем күйөөмдү сүйрөп чыкты

Жалгыз кар күрөп жүргөнүмдү көргөн кайын энем күйөөмдү сүйрөп чыкты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кулагымда наушник бар болчу. Эч нерсе уккан эмесмин. Бир карасам эле күйөөм кофтачан жанымда турат. Буркулдап колумдагы күрөктү алды.

— Сага эмне болду?

— Бар, үйгө кир?

— Баары жакшыбы?

— Жакшы.

— Уктап жатпадың беле?

— Сен кар күрөп жатсаң кантип уктайм.

Ачуусу келип жатканын көрүп сүйлөбөй эле коюн дедим. Бутумду күүп үйгө кирип барсам кайын энем отурат.

— Апа? Качан келдиңиз?

— Жаңы эле.

— Мен сизди көрбөдүм го.

— Байкатпай кирип кеттим.

Кайын энем коңшу айылда жашайт. Зериккенде биздикине келип-кетип турат. Качан келишин чыдамсыздык менен күтүп отурам. Анткени экөөбүз божурашып  чогуу тамак жасайбыз, чогулткан ушактарыбыз менен бөлүшөбүз, жөн жерден күйөөмө бир сыйра асылабыз (күлүп). Кайын эне деген эле аты болбосо, теңтуш курбумдай эле.

Көтөрө келген салатын ачып, дасторкон даярдадым. Чай кайнагыча деп, бир нерсе шам-шум эте койгонго жумуртка куурудум. Эмнегедир кайын энемдин маанайы жок. Сүйлөсөм “мм”,-деп эле жооп берип коет. Бүгүн апама эмне болгон?

— Апа, мага таарындыңызбы?

— Ооба.

— Эмнеге?

— Эмнеге суукта кар күрөйсүң? Ичиңдеги баланы ойлобойсуңбу? Эртең ооруп калсаң эмне болот? Азаматка (күйөөм) айтпайсыңбы!

Көрсө кеп бул жакта турбайбы. Жүрөгүм түшүп кетпедиби. Терең үшкүрүп, “ох”,-дедим.

— Апа, Азамат кечээ жумуштан чарчап келген. “Түшкө чейин уктап алайын” дегенинен, ойготпой эле өзүм кыбырап жүргөм. Өзү деле күрөбө деп айткан. Жөн отура албай койдум.

Кайын энем каткырды.

— Ай, мен аны сени иштетип коюп уктап жатыптыр деп, кофтачан сыртка сүйрөп чыкпадымбы. Тууй, эми мага катуу таарынат.

Экөөбүз эзилип калдык. Анан кайын энем күйөөмдүн сүйүктүү тамагын жасап, көңүлүн алды. Күйөөм бир-эки сааттай тултуңдап кыялын көрсөтүп жүрдү. Акыры экөөбүздүн тамашаларга чыдай албай күлүп жиберди.

Кайын энем кечке маал кетти. Кетип баратып мага “өзүңдү жакшы кара, эс алып жата бер”, күйөөмө “оор жумуш кылбасын, уктуңбу”, -деди. Жымыңдаган боюнча үйгө кирип кеттим.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Чалым экөөбүздү бириктирген келиниме ыраазымын

Чалым экөөбүздү бириктирген келиниме ыраазымын

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.