AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жайында кышкы халат кийип жүрөм. Кайын журту кийим алып бербеген келиндин каты

Жайында кышкы халат кийип жүрөм. Кайын журту кийим алып бербеген келиндин каты

19 июля, 2019
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Айтурган (аты өзгөртүлдү) жакында турмушка чыккан. 5 айлык боюнда бар. Учурда кыйналып жүргөнүн айтып, буларга токтолду: 

«Той күнү белгиленип, элдин баарына угулуп калган кез эле. Ошондо бир киши ата-энеме келип, «Кызыңарды ал адамдарга бербегиле, өмүр бою кул болуп өтөт, баласын эки айдан кийин Москвага айдап жиберет, үйдө неберелери бар, кызыңар ошолорду карап калат»,- деп жакшы эле айтыптыр. Атамдар анын сөзүн четке кагып, «болбогон кеп»,- деп, мени узатышты. 

Өкүнүчтүүсү баары ал адамдын айтканындай болуп чыкты. Кайын журтум бир байпак алып бергенге жарабайт, «сен кетсең кантебиз»,- деп үйгө да жиберишпейт. Мени алып калып, күйөөмдү Москвага кетиришти. Ага, «аялыңа акча салба»,- деп айтышат экен. Азыр күн ысыкта калың халаттарымды кийип жүрөм. Ата-энеме айткым келбейт. Эмне кылсам болот?»

Адистер кеңеш берет

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Кымбаттуу келин! Турмушка чыкканыңа өкүнүп жаткандай жана сен үчүн ата-энең чечим кабыл алгандай көрүнөт. Баары, ал тургай жаңы үйдөгү адамдар да сен үчүн чечим кабыл алганга көнүп калгансың. Кыжырданып жатканың түшүнүктүү.

Баары сенден жана сенин чечимиңден гана көз каранды! Кимдир бирөө келип, тагдырыңды тескеп, боору ооруп, жайкы халат кийгизет деп күтүүнүн кереги жок. Ата-энең аяп, сага шарт түзүп берет деп да үмүттөнбө.

Турмушка чыгып, кош бойлуу болгондон кийин жашың 18ден өтүп калган. Демек, өзүңө өзүң кам көрүшүң керек. Өзүң сурабагандан кийин, эч кимден жардам, ыраазычылык күтпө. Унчукпай жүрө бербе. Чөйрөңдөгүлөргө ысып, кыйналып, ата-энеңди сагынып жатканыңды айт.

Өзүңдү кул катары эсептесең, башкалар да сага унчукпаган кул катары мамиле жасайт. Өзүңдү көрсөтүүгө үйрөн!

Өзүңө шарт, көңүл бурууну талап кылууга укуктуусуң! Эгер бала тамак жегиси келсе ыйлайт, унчукпай койсо ачарчылыктан өлөт. Туурабы? Эгер унчукпай, кыйынчылыктарга чыдап жүрө берсең, алар азайбайт. Эч ким үнсүз келинди байкабайт, мактабайт. Күйөөңдүн кайтып келишин айтпасаң, ал Москвадан келбейт.

Өзүңө кам көр! Эс ал, кош бойлуусуң. Ал төрөлгөнгө чейин шарт түз. Күйөөң менен сүйлөш. Ата-энеси акча бөлүп бербесе, сага өзүнчө жиберсин. Себеби ал сенин күйөөң, болочок балаңдын атасы. Ал сен үчүн жооп бериши керек!

Биринчиден сен күйөөңдүн аялы, болочок энесиң, андан кийин гана анын ата-энесине келинсиң. Көйгөйлөрдү күйөөң менен чечкенге үйрөн: кат жаз, кеңеш, сезимдериңди айт, ага жакын бол. Чыдап жүрүүнүн керги жок!

Тамара Воронцова, психолог

Өтө актуалдуу тема! Тилекке каршы, коомубуздун азыркы абалы келинге карата керектөөчүлүк мамиле жасайт, мындай нерсе дээрлик совет маалында да болгон эмес. Бул каада-салтты өткөн доордон алып чыгып, күчөтүп, келинди үнсүз кулга айлантуунун эмне кереги бар. Эмне себептен жаш күйөөлөр аялына болгон мындай мамилелерди кабыл алып, унчукпайт? Бул нерсе кыздан башка баарына ыңгайлуу!

14 жашар кызы бар бир ата мага мындай деди: “Мектептен кийин дароо турмушка чыксын, жогорку билимине акча коротпойм, баары бир үйдө отурат, төрөйт, чарба иштери менен алек болот”. Бул пикирин карманып кызын ийримдерге катыштырбайт. “Куран китепти окуса жетиштүү болот” дейт ал. Ыйык китептерди билүү керек, бирок дүйнө жүзүндөгү дин адамдары мыкты билим алып жатышпайбы!

Балдарды мектепке жибербей, китеп окутпай, телевизор көрсөтпөгөн учурлар кездеше баштады. Албетте, билимсиз калкты башкаруу оңой.

Билимсиз, эзилген эне балдарына эмне бере алышы мүмкүн? Кандай муун өсүп чыгат? Зомбулуктан улам чөккөн, ачууланган эненин балдары да ошондой болуп чоңоет.

Ата-бабаларыбыз неберелери менен чөбөрөлөрү караңгылыкка кайтып келиши үчүн күрөштүбү?

Сиздин учурда күйөөңүз сөз сүйлөшү керек! Эгер сизди алар үйүнө кызматчы катары алышса, ошол бойдон калат. Күйөөңүз сизди сүйсө, үй-бүлөсүнө кам көрсө, Москвага алып кетет же өз алдынча бөлүнөсүңөр.

Кандай шартта жашап жатканыңыз тууралуу ата-энеңизге айтып беришиңиз керек. Эреже катары ата-энелер чыда, бала үчүн жаша деши да мүмкүн.

Кээ бирөөлөр мындай турмушка баш ийип, бакыт жана толук кандуу жашоо жөнүндөгү сөздү унутушат. Жыйынтыгында невроз, депрессия, психосоматикалык ооруларга чалдыгат, өмүрү оор, көңүлсүз, кыйын сезилет. Мындай абалга кептелген көп кыздар мага өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу ойлор менен келишет.

Сизде 2 чечим бар:

  1. Күйөөңүз баары кандай болсо, ошол бойдон калтырып койсо, кырдаалга карата көз карашыңызды өзгөртүп, жакшы тарабын тапканга аракет кылып, жеңил кабыл алууну үйрөнөсүз. Албетте кыйын, бирок, кыска убакытка болсо да жасоо мүмкүн. Бул жашоого болгон көз карашыңыздан, баалуулуктарыңыздан, мүнөзүңүздөн, максаттарыңыздан көз каранды.
  2. Өзүңүздүн бакытыңыз, үй-бүлөңүз үчүн күрөшүп, күйөөңүздү, ата-энеңизди ынандырып, өз алдынча, өз турмушуңуз менен бактылуу болуп жашайсыз.

21 кылымга керек болбогон салтты кармообу же үй-бүлө куруп, бактылуу болуубу? Чечим өз колуңузда!

Көп кыздар «төрөп алып кийин кетем» деген чечим кабыл алышат. Төрөттөн кийин  айландагылары «бала менен кайда барасың, атасыз кантет» деген ойду таңуулашат.

Сиз чыныгы күйөөнү сезбегендей, бала деле чыныгы атасын көрбөйт – жаныңыздагы жигит чоңоюп калса да ата-энесинин сөзүнөн чыкпайт экен. Ишенип коюңуз, жаңы үйлөнгөн балдары өз алдынча жашаган үй-бүлөлөр бар, алардын баары бактылуу.

Бакытыңыз үчүн азыр күрөшүңүз!

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
SIM-картаны калыбына келтирүү жолдору

SIM-картаны калыбына келтирүү жолдору

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.