Ушул жылдын май айында «Айыл Банк» ААКынын 25 жылдык мааракесине карата жарыяланган «стандарттык пайыздык ченге + 1 жана + 2» акциясын кардарлар абдан жактырышты. Бул нерсени эске алып, банк аны жыл аягына чейин узартууну чечти.
Акциянын негизги шарттарын эске сала кетели: ар ким улуттук валютадагы «Керемет», «Ардагер» жана «Кенч» депозиттерин 24 жана 36 айга, башкача айтканда, 2 жана 3 жылга, жылдык 14% га чейин ача алат.
Кошумча суроолор боюнча ab.kg сайтына же «Айыл Банк» ААКнын бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.







