AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ЗАГС алуу үчүн канча сом керек? Негизги 10 суроого жооптор

ЗАГС алуу үчүн канча сом керек? Негизги 10 суроого жооптор

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Баш кошуу ар бир адамдын жашоосунда бактылуу жана олуттуу кадамдардын бири. Никеге тургандан кийин нике күбөлүгүн кайдан алыш керек? Ага канча сом керек жана кандай документтер талап кылынат? Бул суроолордун бардыгына Бишкек шаарынын Бакыт өргөсүнун башчысы Дария Райымкулова жооп берди.

Канча жаштан баштап никеге турууга уруксат берилет?

Никеге турууга 18 жаштан жогорку жарандарга уруксат берилет. Ал эми 17 жашка чыккан жаран никесин каттайм десе анда, жашаган жеринен, райондук администрациядан же айыл өкмөтүнөн уруксат кагазын алышы керек. Ошол кагаздын негизинде 17 жаштагы жарандардын арызын кабыл алабыз.

Жубайлар ЗАГСка туруу үчүн кайда кайрылышы керек?

Түйгөйлөр никесин катоо үчүн Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдарына кайрылышы керек. Ал үчүн Калкты тейлөө борборлорунда жайгашкан ЖААК бөлүмдөрүнө, же Бакыт өргөсүнө кайрылса болот. Айрым ЖААК бөлүмдөрү жок айыл жергесинде жашагандар айыл өкмөтүнө кайрылышы керек.

Никени каттатуу үчүн кандай докмуенттер зарыл?

Биринчи өздүгүн тастыктаган документ керек, бул

  • ID—паспорт;
  • никеси бузулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, эгер бирөөсү же экөө тең мурда никеде турган болсо;
  • балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, эгер балдары бар болсо;
  • боюнда бар деген медициналык справкасы, эгер келин кош бойлуу болсо.

Нике күбөлүгүн алуу үчүн канча сом төлөнөт?

Кыргыз Республикасы боюнча ар кайсы территорияда ар кандай болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында күбөлүктүн наркы, банкка төлөнүүчү комиссиясы менен кошо — 57 сом.

Райондук ЖААК бөлумдөрүндө башка тариф. Нике күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырылышын кааласаңыз  Бишкек шаарынын бакыт өргөсүндө, күбөлүктүн наркы, (нике күбөлүгү, банктын комиссиясы жана кызмат көрсөтүү менен бирге) — 1842 сом болот.

Бишкек шаарынын ичинде ЖААК бөлумүнөн сырткары, мисалы: ресотранда, паркта же үйдө тапшыруу аземин өткөрүү кызматы — 4090 сомду түзөт.

Бул баалар жыл сайын өзгөрүп турушу мүмкүн.

Нике кубөлүгү канча убакыттан кийин даяр болот?

Мамлекеттик каттоо түйгөйлөр арыз жазган күндөн баштап бир айдын ичинде каттоого милдеттүү.

Ал эми өзгөчө учурлар болсо, мисалы жубайынын боюнда бар, же экөөнүн ортосунда баласы бар болсо, анда бир айлык убакыт күтүп отурушпайт. Жарандар каалаган күндө нике күбөлүгүн ала алышат.

Нике күбөлүгүн интернет аркылуу алса болобу?

Жок, бүгүнкү күндө биздин мыйзамга ылайык, нике күбөлүгүн интернет аркылуу берүү мүмкүн эмес. Никеге турууга арызды экөө чогуу келип жазышы керек, бул милдеттүү талап. Нике катталган күндө да экөө бирге келип, колдорун коюп, күбөлүктү алып кетишет.

Эгер жубайлардын бири чет өлкөдө болсо ишеним кат (доверенность) аркылуу нике күбөлүгүн ала алышабы?

Эгер түгөйлөрдүн биринде Кыргызстанга келе албаса, арыз берүүгө шарты жок болсо, бири чет жактан, бири бул жерден, өз-өзүнчө арыз берсе болот. Чет жактан жүргөн жарандын арызына коюлган кол тамгасы нотариалдык түрдө тастыкталууга тийиш. Ошол арызы менен бул жактагы түгөйлөрдүн бири келип, арызын берсе кабыл алабыз. Бирок дайындалган күнгө, башкача айтканда бир айдан кийин, экөө чогуу келүүсү зарыл. Бул милдеттүү шарт. Алар кол коюп докмуентин алып кетишет.

Жубайлардын бири чет өлкөлүк болсо, ЗАГСка турса болобу? Ал үчүн кошумча кандай документтер керек?

Эгер Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекеттин жараны менен никесин каттагысы келсе, чет элдик жаран өзүнүн мамлекетинде башка никеге катталбагандыгы тууралуу маалымкатты алып келип берүүгө тийиш.

Эгер биздин КМШ өлкөлөрүнүн жараны болсо, ал справка легализациясыз кабыл алынат. Ал эми башка мамлекеттин жараны жана анын өлкөсү Гаага конвенциясына кошулган болсо анын маалымкатына (справкасына) апостиль коюлууга тийиш. Апостиль жок болсо легализациядан өтүшү керек.

Бир эле учурда эки адам менен ЗАГСка турса болобу?

Биздин мыйзам, үй-бүлөлүк кодекс, бир эле адамдын эки башка адам менен никеге туруусуна уруксат бербейт.

ЗАГСка туруунун эмне кереги бар? Ал жарандарга кандай артыкчылыктарды берет?

Никени мамлекеттик түрдө каттоо зарыл, анткени эки түгөй үй-бүлө курганда, экөөнүн бири-бирине карата милдеттери жана укуктары жаралат. Алардын милдеттеринин аткарылышын жана укуктарынын корголушун мамлекет көзөмөлгө алат жана кепилдик берет.

Маселен, кийин ажырашабыз деп калышса, сотко кайрылып укугун коргоого мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары бул никеден төрөлгөн балдардын да укуктары, милдеттери жаралат. Бардыгын мамлекет коргоого кепилдик болуп берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Ноябрдын кыргызча аталышын билбей күлкүгө калбайсызбы? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Ноябрдын кыргызча аталышын билбей күлкүгө калбайсызбы? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.