AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ыйлап жаткан балага эч качан бул 5 сөздү айтпаңыз

Ыйлап жаткан балага эч качан бул 5 сөздү айтпаңыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бул сөздөрдү көп эле ата-эне ыйлап жаткан баласына айтат. Бирок, айтып жаткан учурда балага кандай терс таасир берип жатканын аңдабайт. Ал эмне болгон сөздөр экенин төмөндөн окуңуз. 

Ыйлаба!

Ыйлап жаткан балага эч качан бул сөздү айтпаңыз. Бала муну менен ыйлаган жаман экен деп, эмоциаларын жашырганга өтөт. Бул эмоционалдык интеллекттин өнүгүшүнө зыян келтирет. Ичине баарын ката берген баланын жүрүм-турумунда дагы көйгөйлөр пайда болот. «Ыйласам ата-энеме жакпай калам » деп дагы ойлойт. 

Мени уят кылып жатасың, баары карап жатат!

Балага бул сөздү айтуу менен «сенин сезимиңе караганда, башкалардын пикири маанилүү» деген ойду калыптандырабыз. Бала өзүнө болгон ишенимин жоготуп, башкалардын реакциясына көз каранды болуп, айланасындагыларга көнүп, «жок» деп айта албай баштайт. Мындай жүрүм-турум кийин ар кандай көз карандылыкка алып келиши мүмкүн.

Ыйласаң, ушул жерге таштап кетем!

Бала бул сөздү «Мен ыйлабасам мени жакшы көрүшөт, капа болсом, мени таштап кетишет» деп кабыл алат. Бул дагы баланы ыңгайлуу кылуунун бир жолу. Кийин мындай адамдар чанда гана бактылуу жана бай болушат.

Азыр могу байке (же эжеге) алып кетет!

Муну менен балага бул дүйнө коркунучтуу жер, сени каалаган адам алып кете алат, эч кандай коргоо жок деген ойду беребиз. Балада шектенүү, тынчсыздануу, фобиялар, кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөө, алсыздык, үмүтсүздүк ж.б. сезимдер пайда болот. Мындай адам бактылуу боло алабы?

Карачы тиги баланы, сага окшоп ыйлабайт экен!

Бул баланын өздүк баасына түздөн-түз сокку урат. «Ал менден жакшы», «мен жаманмын», «аныкы туура, меники туура эмес» ж.б. деп ойлой баштайт. Өзүн төмөн баалоо депрессияга, психосоматикалык ооруларга, психологиялык туруксуздукка алып келет.

Ыйлап жаткан баланы кантип алаксытуу керек экенин кийинки маалыматта айтып беребиз. 

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Айлыгым аялымдын картасына түшөт десем досум каткырды

Айлыгым аялымдын картасына түшөт десем досум каткырды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.