AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Январь айында ооруп жаткан балам менен сыртка кууп чыкты

Январь айында ооруп жаткан балам менен сыртка кууп чыкты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  — мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Blesinbi.kg ооруп жаткан баласы менен сыртта калып калганын айтып берген Ровшан менен Умиданын окуясын сунуштайт.

Жаткан жери, тамак ашы бекер деп убада беришкен

Биз Өзбекстанданбыз. Санкт-Петербургга балык заводго жумушка чакырышты. Айына 400 доллардан төлөп беребиз деп убада кылышкан. Бул биз үчүн өтө чоң акча. Сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин түшүбүзгө да кирбеген – 700 доллардан төлөп беребиз дешти. Андан тышкары жашаганы, тамак ашы жана социалдык пакетинин бардыгын жумуш берүүчү өзү бүтүрмөк, — дейт Ровшан.

Уулубуз Улугбекти калтыра турган кишибиз жок болгондуктан кошо алып алдык. Кичинекей бала менен узак жол жүрүп, үч автобуз которуп, суукта тыгылышып, кысылып жетүү кыйынга турду.

Келе элек жатып карызыбыз көп экен

Санкт-Петербурга жетерибиз менен бир жатаканага жайгаштырышты. Эки жума документтерибиздин бүтүшүн күттүк. Сыртка баш багып чыккан жокпуз, паспортторубузду берип салганбыз. Кийин жол кире үчүн 48 миң рубль, жатакана үчүн 50 миң рубль карызыбыз бар экенин айтышты. Паспортторубуз, миграциялык карталарыбыз, жумушка патенттерибиз кожоюнда калды.  

Карыздарыбызды кайтаруу үчүн иштеп баштадык. Балабызды калтыраарга киши жок. Документ болбогон соң бакчага да орноштура алган жокпуз. Жердеш эже менен сүйлөшүп, ал карап бермек болду. Балабыз тынбай ооруп баштады. Климат жаккан жокпу, же эжебиз начар карап жаттыбы, белгисиз. Доктурга кайрыла албайбыз, баягы эле документтерибиз жок. Ошол эле себепке байланыштуу үйгө да кайта албайбыз, — деп Ровшан айтып берди.

Түн. Январь. Колубузда ооруган бала…

Бир нече убакыттан кийин мен да ооруй баштадым. Күндөрдүн биринде төшөгүмөн тура албай койдум. Улугбек тынбай ооруп, жөтөлүп, дене табы улам көтөрүлөт. Ар кандай элдик ыкмалар менен дарылагансыйм, бирок алардын жардамы деле болгон жок. Кожоюн келип, бизден эч кандай пайда жок, жалаң чыгаша көрүп жатканын айтып, жатаканадан кууп салды. Түндө, январда, бөтөн шаарда көчөдө калып калдык. Колубузда ооруган бала, — дейт Умида.

Күтүлбөгөн жардам

Жердештерибиз жардам беришти. Бир нече күн вагондо жашадык. Кийин Андижандык Мурод деген жигит менен таанышып калып, ал ижарага батир алып берди. Тамак-аш, акча менен жардам берип турду. Сайттан “Истикболли авлод” уюмунун телефондорун таап байланышка чыктык. Алардын жардамы менен үйгө кайтып келдик. Бизге Муродду жиберген Аллага рахмат. ННО уюмунун кызматкерлерине да ыразыбыз. Алар мекенибизге кайтып келүүбүзгө жардам бергенден сырткары бул жерден да жумуш таап беришти. Дүйнөдө башка бирөөнүн кыйынчылыктарына кайдыгер карабаган адамдар болгонуна абдан кубанабыз” – дейт Ровшан.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Байкеси Сирияга кулчулукка сатууга аракет кылган кыздын окуясы

Байкеси Сирияга кулчулукка сатууга аракет кылган кыздын окуясы

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.