MegaCom комапниясынын «Видеоконференцбайланыш» кызматы видеобаяндамаларды, вебинарларды, селектордук кеңешмелерди, аралыктан окутууну онлайн режимде өткөрүүгө жардам берет.
«Видеоконференцбайланыш» кызматы MegaCom абоненттери үчүн жеткиликтүү. Кошуу үчүн компаниянын адистери менен бул номерлер аркылуу — 0555 505 041, 0555 505 091, 0555 505 770 байланышып, арыз толтуруу керек.
«Видеоконференцбайланыш» кызматынын артыкчылыгы:
- HD-сапаттагы сүрөт;
- Катышуучулардын саны – 50 гө чейин;
- 2020-жылдын апрель айында акысыз кошуу;
- Электрондук тактаны колдонуу мүмкүнчүлүгү;
- Онлайн өтүп жаткан иш-чараны андан кийин жүктөп алуу же тармактарга жайылтуу үчүн жаздырып алуу;
- Өлкөбүздүн серверлеринде жеке маалыматтардын ишенимдүү корголушу.
Кызматты каалагандардын баары кошо алат. Кошкондон кийин онлайн-жолугушуунун катышуучуларынын электрондук почтасына шилтеме түрүндөгү чакыруу келет, андан кийин абонент SMS-билдирүү алат.
«Видеоконференцбайланышын» компьютер, ноутбук же планшет, же болбосо смартфон аркылуу web-интерфейстин жардамы менен кошуп алууга болот. Бул үчүн App Store же Google Play сервистеринен IVA ВКС тиркемесин алдын ала жүктөп алуу жетиштүү.







